|
|
Текебаев Өмүрбек Чиркешович
Жогорку Кеңештин төрагасы
|
1958-жылы Базаркоргон районундагы Акман айылында төрөлгөн. 1981-жылы Кыргыз улуттук университетинин физика, 1994-жылы юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы мектепте мугалимдик кесип менен баштаган. 1991-92-жылдары антимонополдук саясат жана ишкерликти колдоо боюнча Жалалабад облустук башкармалыктын башчысы, Жалалабад облусунун администрация башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган. 1990-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.1995-жылы, 2000-жылы Базарккоргон шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына шайланган.
Кыргызстанда биринчи жолу катталган "Эркин Кыргызстан" партиясынын төрагасы болуп шайланган. 1994-жылдан тарта "Атамекен" партиясын жетектеп келатат.
өмүрбек Текебаев1995 жана 2000-жылы президенттик шайлоого талапкер катары катышкан.
|
|
|