|
|
Танаев Николай Тимофеевич
|
1945-жылы 5-ноябрда Орусия Федерациясынын Пенза облусунун Михайловка айылында туулган.
1969-жылы Жамбулдагы гидромелиоративдик-курулуш институтун бүтүргөн. Инженер-курулуш адиси.
1969-1979 - жылдарда "Ошкурулуш" трестинде мастер, прораб, башкы инженер.
1979-1984 - жылдарда Ош шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары.
1984-1985 - жылдарда Ош облустук "Сууканал" башкармалыгынын начальниги.
1985-1995 - жылдарда "Чүй курулуш" трестинде алгач жетекчинин орун басары, жетекчи.
1995-2000 - жылдарда "Кыргызкурулуш" акционердик коомунда президент.
2000-2001 - жылдарда өкмөттүн архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы.
2001 - жылы биринчи вице-премьер-министр.
2002 - жылдан бери премьер-министр.
|
|
|