|
|
Талгарбеков Бекболот
|
Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөңалыш айылында 1955-жылдын 3-мартында туулган.
Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик университетин 1979-жылы бүтүргөн. Кесиби - экономист. Экономика илимдеринин кандидаты. Ленин комсомолу сыйлыгынын илим боюнча лауреаты (1987).
1972-1973 - жылдары Кочкор районунун "Коммунизм" совхозунун жумушчусу
1973-1979 - жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти.
1979-1991 - жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясынын экономика институтунун аспиранты, кичи илимий кызматкер, ага илимий кызматкери.
1991-1991- жылдары Кыргызстан президент аппаратынын кеңешчи-эксперти.
1991-1992 - жылдары Айыл чарба министринин биринчи орун басары.
1993-1996 - жылдары Айыл чарба министринин милдетин аткаруучусу, биринчи орун басары, минитрдин милдетин аткаруучусу.
1996-1997 - жылдары Кыргызстандын агрардык саясат боюнча вице-премьер-министри.
1997-1998 - жылдары Джалал-Абад облустук мамлекеттик администрация башчысы (губернатор).
1999-2000 - жылдары Кыргызстандын президенттик администрациясынын уюштуруу иштери бөлүмүнүн агрардык саясат сектор башчысы.
2000-2002 - жылдары Кыргызстандын президенттик администрациясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн агрардык саясат сектор башчысы.
2002 - жылдары Кыргызстандын премьер министринин аппарат башчысы.
|
|
|