|
|
Султанов Марат Абдыразакович
|
Фрунзе шаарында төрөлгөн.
8-класска чейин Ош дубанынын Алай районунун мектебинде окуп, андан кийин башкалаадагы №5 мектепте билим алган.
Москвадагы Болот жана эритмелер институтун аяктап(1978-1983), андан кийин аспирантурасын бүтүргөн.
үйбүлөлүү, эки кызы бар.
1985-жылы аталган институтта илимий кызматкер болуп иштеген.
1987-жылы Кыргыз Улуттук Университетте иштеп, ал жерде кичи окутуучудан доцентке чейинки жолду баскан.
1992-жылы Улуттук банктын аппаратында бөлүм башчы болуп иштейт.
1994-1998 - Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын төрагасы
1999-жылы Финансы министри болуп дайындалып, ушул эле жылы өз арызы менен отставкага кетет.
1999-жылы сентябрь айынан тарта "Адилет" саясий партиясынын теңтөрагасы болгон.
2000-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп, Мыйзам чыгаруу жыйынынын бюджет жана финансы комитетин жетектеп келди.
|
|
|