|
|
Субанбеков Бакирдин
|
1952-жылы 18-февралда Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган.
Кыргыз. Жогорку билимдүү. Укук адистигине ээ. 1979-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.
Мамлекеттик сыйлыктардын ээси.
Алар: "Коомдук тартипти сактоого мыкты кызмат өтөгөнү үчүн", "Күжүрмөн кызмат өтөгөнү үчүн", "Даңк","Кынтыксыз кызмат өтөгөнү үчүн" (III, II, I даражадагы), "В.И Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата"", "Кыргыз милициясына - 70 жыл"," Кыргыз милициясына - 75 жыл ", "Манас" эпосуна-1000жыл", "Украина ИИМге-10 жыл","КР Улуттук гвардиясына-10жыл","Россия ИИМге 200 жыл".
1970-1970 - жылдары № 2903 автоколоннанын айдоочусу
1970-1972 -жылдары Аскер кызматы
1973-1974 - жылдары КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) инспектору. Фрунзе-Ош жолу боюнча көзөмөл милициянын взводу
1974-1976 - жылдары ИИМдин башкы инспектору, КР ИИМдин инспектору. Фрунзе-Ош жолу боюнча көзөмөл милициянын взводу
1976-1980 - жылдары ИИМдин башкы инспектору, ИИМдин МАИ бөлүмү
1980-1980 - жылдары КР ИИМдин мамлекеттик автоинспектору, Калинин райондук аткаруу комитетинин МАИ район аралык каттоо-сынак бөлүмү.
1980-1983 - жылдары ИИМдин башкы инспектору, Ош-Фрунзе-Рыбачье жол-патруль кызматы
1983-1985 - жылдары Калинин райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү
1985-1986 - жылдары Москва райондук аткаруу комитетинин ички иштер бөлүмүнүн БХСС бөлүмүнүн оперативдүү өкүлү, ага өкүлү
1986-1988 - жылдары Кара-Балта шаардык аткаруу комитетинин ички иштер кызматынын социалисттик менчикти уурдап-тоноого каршы күрөш (БХСС)бөлүмүнүн башчысы
1988-1990 - жылдары Калинин райондук ички иштер бөлүм башчысынын орун басары
1990-1992 - жылдары Карабалта шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы
1992-1994 - жылдары Калинин райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси
1994-1996 - жылдары Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы
1996-2001 - жылдары Чүй облустук ички иштер бөлүмүнүн башчысы
2001- жылдын мартынан ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси
2001- 2002-жылдары ИИМдин Кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын жетекчиси
2002 - жылдын 14-февралынан бери Ички иштер министри
|
|
|