|
|
Шаболотов Тажимамат
|
1959-жылы 11 майда Ош облусунун өзгөн районундагы Заргер айылында туулган
огорку билимдүү. 1982-жылы Кыргызстан айыл чарба институтун бүтүргөн. Адистиги - инженер-механик. Техника илимдеринин кандидиаты
1976-1977 - жылдары өзгөн районундагы "Яссы" совхозунун жумушчусу
1977-1982 - жылдары Скрябин атындагы айыл чарба институтунун студенти
1982-1985 - жылдары Айыл чарба институтутунун аспиранты
1985-1988 - жылдары Челябинск айыл чарба институтунун аспиранты
1988-1994 - жылдары Кыргызстан айыл чарба институтунун ассистенти, декандын орун басары, инженер-констуктор, кафедра башчы
1994-1997 - жылдары Кыргыз өкмөтүнүн аппаратында инспектор, бөлүм башчы, департамент башчы
1997-1999 - жылдары Жалалабад облусунун Ноокен райондук мамлекеттик администрация башчысы
2000-2001 - жылдары Жалалабад облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары
2001-2002 - жылдары Кыргызстандын айыл, суу чарба жана өнөр жайды кайра иштетүү министринин орун басары
2002-2004 - жылдары Балыкчы шаарынын мэри, Ысыккөл облусу
2004 - жылдын апрелинен бери Кыргызстандын Эларалык интеграция жана кызматташтык министри
|
|
|