|
|
Өмүралиев Төлөбек
|
Нарын облусундагы Нарын районундагы Учкун айылында 1947-жылы 4-апрелде төрөлгөн.
1970-жылы Кыргыз айыл чарба институтун, 1989-жылы КПСС БК КИА бүтүргөн.
Адистиги окумуштуу зоотехник, юрист-мамлекет таануучу.
Юридика илиминин кандидаты.
"Ардак белгиси" ордени менен сыйланган.
1970-1972-жж. Тяньшан районундагы "Коммунизм" колхозунун башкы зоотехниги.
1972-19973 Тяньшан райайылчарба башкармалыгынын башкы зоотехниги.
1973-1977 Тяньшан райком комсомолунун биринчи катчысы.
1977-1978 Тяньшан райаткаруу комитетинин катчысы.
1978-1982 Нарын обком партиянын бөлүм башчы орунбасары, бөлүм башчысы.
1982-1986 Тогузторо райондук аткаруу комитетинин төрагасы.
1986-1989 КПСС БК КИА аспиранты.
1989-1990 Ысыккөл обком партиянын инспектору.
1990-1992 Нарын облусунун Тяньшан райкеңештин төрага орунбасары, төрагасы.
1992-1994 Тяньшан райондук мамлекеттик администрация башчысы.
1994-1999 Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын бөлүм башчысы.
1999-2001 Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы кыймылсыз мүлккө укукту каттоо мамлекеттик агенттигинин директору, коомдук башталышта президент кеңешчиси.
2001-2004 Регионалдык өнүгүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча министр, агенттик директору, кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору.
2004-ж. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүгүү иштери боюнча министр.
|
|
|