|
|
Муралиев Амангелди Мурсадыкович
|
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Жайыл районундагы Кумарык айылында 1947-жылы 7-августта төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1967-жылы Карабалтадагы тамак-аш техникумун, 1976-жылы Фрунзедеги политехникалык институтту, 1989-жылы СССР Министрлер кеңешинин алдындагы Эл чарбасы академиясын бүтүргөн. Адистиги инженер -механик.
Кыргыз Республикасынын инженердик академиясынын анык мүчөсү, Эларалык инженердик академиянын (Москва шаары) академиги.
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган. ВЛКСМ илим жана техника боюнча сыйлыгынын ээси. Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын эмгек сиңирген ишмери наамына ээ. 2000-жылдын 8-декабрында Эларалык рухий баалуулуктарды жандантууга көмөктөшүү "Руханият" ассоциациясынын "Жыл адамы" сыйургалына татыктуу болгон.
1967-1967 Карабалтадагы кант заводунун слесары.
1967-1969 Советтик Армиянын катарында кызмат өтөө.
1969-1970 Карабалта кант заводунун кубаттуулукту берүү цехинин мастери.
1973-1976 Конструктор, чөпжыйноо техникасы атайын конструктордук бюронун башкы бригадасынын жетекчиси.
1976-1978 Фрунзе шаардык компартия комитетинин өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн инструктору.
1978-1982 Башкы инженер, Фрунзе шаарындагы "Тяжэлектромаш" заводунун директору.
1982-1988 "Кыргызавтомаш" өндүрүштьүк бирикмесинин башкы директору.
1988-1991 Фрунзе шаардык эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1991-1992 Мамлекеттик катчы, Кыргызстандын экономика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы.
1992-1993 Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри.
1993-1993 Кыргызстандын өнөр жайчылары менен ишкерлер союзунун президенти, Бишкек шаары.
1993-1994 КР экономика боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы.
1994-1996 Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы - Кыргыз Республикасынын министри.
1996-1996 Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри.
1996-1999 Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор.
12.04.1999 Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу.
1999-2000 Кыргыз еспубликасынын Премьер-министри.
2001-2004 Кыргыз фондулук биржасынын президенти.
2004 Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министри.
|
|
|