|
|
Масалиев Абсамат Масалиевич
|
Ош облусундагы Фрунзе районунун Алыш айлында туулган.
Кызыл-Кыя шаарындагы тоо-кен техникумун (1956), Алматы шаарындагы Жогорку өнөр жай мектебин (1964) бүтүргөн.
Тоо инженери.
1956-58-жылдары- "Кызылкыякөмүр" кенбашкармалыгынын шахтасында участок жетекчисинин жардамчысы, башкы инженердин орун басары.
1958-61-жылдарда- "Кыргызкөмүр" трестинде башкы инженердин жардамчысы.
1961-62-жылдарда- Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Ош облустук комитетинин нускоочу.
1962-64-жылы Алматы шаарындагы Жогорку партиялык мектебинин угуучусу.
1964-65-жылдары- Кыргыз ССР нин партиялык-мамлекеттик көзөмөл комитетинин инспектору, Ош облусундагы партиялык-мамлекеттик көзөмөл комитетинин төрагасынын орун басары.
1965-66-жылдары- Ош облусундагы Элдик көзөмөл комитетинин төрагасынын орун басары.
1966-68-жылдарда- Кыргызстан КП нын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы.
1968-69-жылдары- Кыргызстан КП Бкнын өнөр жай транспорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
1969-1971- Кыргызстан КП нын Ташкөмүр шаардык комитетинин биринчи катчысы.
1971-72-жылдары- Кыргызстан КП БК нын өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн башчысы.
1972-73-жылдарда- Фрунзе шаардык аткаруу комитетинин төрагасы.
1974-79-жылдары- Кыргызстан КП БК нын катчысы.
1979-85-жылдарда- Кыргызстан КП нын Ысыккөл облустук комитетинин 1-катчысы.
1985-жылы- КПСС БК нын инспектору.
1985-жылдын ноябрь айынан 1991-жылга чейин Кыргызстан КП БК нын 1-катчысы.
1990-жылы апрель-декабрь айларында Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
1990-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңештин сессиясында през0иденттик шайлоодо жеңишке жетише албай калган.
1991-жылы апрель-август айларында КПСС БК нын идеология бөлүмүндө консультант.
1992-жылдын сентябрь айынан Коммунисттик партиянын жетекчиси болгон.
1993-1996-жылдары Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы өнөр жай жумуштарын коопсуз жүргүзүүнү жана тоону көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси.
1994-жылы- И. Раззаков фондунун төрагасы болгон.
1995-жылы жана 2000-жылы № 26 Кызылкыя шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. (Мамлекеттик түзүлүш, мыйзам дана конституциялык мыйзам түзүү комитетин жетектеген).
1995-жылы президенттик шайлоодо Аскар Акаевге уттуруп койгон. (Акаев 71,6 %, Масалиев 24,4%, Шеримкулов 1,7% доьуш алышкан).
2000-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагалыгына шайлоо учурунда утулуп калган.
2000-2001-жылдары ЖК "Элкомсоц" фракциясынын жетекчиси.
2001-жылы КПСС ХХХ11 курултайынан кийинки уюштуруучу пленумда Коммунисттик партиялар союзунун төрагасынын орун басары болуп шайланган.
КПСС БК нын(1986-91), КПСС БК нын саясий бюросунун (1990-91) мүчөсү.
СССР Жогорку Кеңешинин 10-11-чакырылыштарынын депутаты, СССР дин эл
депутаты (1989-1991), Кыргызстан Жогорку Кеңешинин 12-чакырылышынын депутаты (1990-1991).
"Октябрь революциясы" ордени, эки жолу Эмгек кызыл туу ордени, 3-даражадагы "Манас", КМШ парламенттер ассамблеясынын "Шериктештик" ордендери жана бир нече медалдар менен сыйланган.
"өмүр барактары жана биздин бечара Атажурт" китебинин (1993) автору.
|
|
|