|
|
Мамытов Миталип
|
1939-жылы 16-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Көкжар айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун, 1971-жылы Ленинград шаарындагы нейрохирургия илим-изилдөө институтун бүтүргөн. Кесиби дарыгер, нейрохирург. Окумуштуулук даражасы - медицина илим доктору, профессор. Кыргыз Республикасынын илимге эмгеги сиңген ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгеги сиңген дарыгери. Илимий долбоор боюнча эларалык эксперттик комиссиянын (Брюссель) мүчөсү. ЮНЕСКОнун "Боорукер" сыйлыгынын ээси. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.
Дүйнөлүк хирургдар ассоциациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү. 130 ашуун илимий эмгектин, эки илимий монографиянын, төрт ойлоп табуунун жана беш окуу китебинин автору. "Даңк" медалы жана Кембриж эларалык өмүр баяндарды чогултуу борборунун "Миллиондун бири" алтын медалынын ээси.
1976-1988 - Башкы нейрохирург, КР Саламаттык сактоо министрлигинин КММА доценти.
1988-1997 - КММА дарылоо факультетинин деканы.
1997-1999- КММА илимий иштер боюнча проректору.
1999-2002 - КММА неврология жана нейрохирургия кафедрасынын башчысы.
2002-жылдан у/к чейин Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри.
|
|
|