[www.azattyk.kg]
[image][image] [image][image]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
 
Жума, 4-март 2005 [e-mail to a friend]
Феликс Кулов
"Арнамыс" партиясынын лидери
Феликс Шаршенбаевич Кулов 1948-жылы 29-октябрда төрөлгөн. 1967-жылдан баштап, Ички иштер министрлигинин Фрунзе шаардык башкармалыгында милиция кызматкери болуп иштей баштаган. Ошол эле жылы Омск шаарындагы СССРдин ИИМинин Жогорку Милиция мектебенен билим ала баштаган. Окуу жайын аяктагандан кийин Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкери катары ар кандай кызматтарда 1990-жылга чейин иштеген. 1990-жылдан баштап мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ички иштер министри, вице-президент, Чүй облусунун губернатору, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы жана Бишкек шаарынын мэри кызматтарын аткарган. Ош окуясы жана ГКЧП учурунда Кулов өзүн чечкиндүү жетекчи катары көрсөтүп, 1991-жылы СССРдин президенти Михаил Горбачевдун жардыгы менен генерал-майор наамын алган. 1999-жылы Феликс Кулов Бишкек шаарынын мэри кызматынан өз арызы менен кетип, "Ар-намыс" партиясын уюштурган. 2000-жылы Кулов Жогорку Кеңештин депутаттыгына № 44Карабуура шайлоо округу боюнча ат салышкан. Ошол эле жылы Феликс Кулов президенттик шайлоого катышаарын жарыялаган. Бирок 2000-жылдын март айында камакка алынган. Ушул эле жылдын август айында аскердик соттун судьясы Нурлан Ашимбек уулу Куловду актаган чечим чыгарган. Бирок сот жараяны кайрадан улантылып, 21-декабрь 2001-жылы Биринчи Май райондук соту аны 10 жылга кескен. Бир катар эл аралык уюмдар Феликс Кулов саясий себептерге байланыштуу камакка алынган деген пикирде жана мындай маанайда бир катар билдирүүлөрдү жарыялаган. 2001-жылдын ноябрь айында Феликс Кулов "Кыргызстан элдик конгрессинин" төрагасы болуп шайланган. Учурда Кулов Сокулук районунда жайгашкан абакта отурат.

 
[news]
Шайлоо барагы
Алгы сөз
Кыргыз Республикасы
Саясатчылар
Саясий топтор
Депутаттыкка талапкерлер
Президенттикке талапкерлер
Президенттик шайлоо
Башмыйзам
Шайлоо мыйзамдары
Байкоочулар
Окуялар жадыбалы
Борбордук шайлоо комиссиясы


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]