|
|
Жекшеев Жыпар
|
"Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясынын теңтөрагасы Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Ысыккөл областына караштуу Түп районундагы Талдысуу айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы С.Чуйков атындагы сүрөтчүлөр окуу жайында билим алып, андан соң көп жылдар Каракол шаарындагы сүрөтчүлөр фондунда кызматкер, кийин директор болуп иштеген.
1980-жылдардын башында Жыпар Жекшеев Бишкектеги маданият министрлигинин алдындагы сүрөтчүлөрдүн адистигин жогорулатуу курстарында сабак берип жүрүп, 1989-жылы Кыргызстандын баш калаасында үйсүз кыргыз жаштары өкмөттөн жер бөлүштүрүп берүүнү талап кылып, бош жаткан жерлерди басып ала баштаганда, ал козголоңду "Ашар" кыймылына айландырып, социалдык кризисти сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү аракетинин башында турган. "Ашар" кыймылынын лидери катары Жекшеев эл арасына таанылып, миңдеген жаштар Бишкектин айланасында үй салып, жер алуусун уюштурган комитеттин жетекчиси болгон. Ошол 1990-жылдардын башында Кыргызстан демократиялык кыймылын түзүп, коммунисттик бийликтин кулап, Аскар Акаевдин бийликке келишине шарт түзгөн өзгөрүүлөрдүн түздөн-түз катышуучусу.
1995-жылы Ж.Жекшеев Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына өзү туулуп-өскөн Ысыккөлдөгү Түп округунан шайланган.
Алты баланын атасы, эки небереси бар. Азыркы тапта "Кемин" шайлоо округунан депутаттыкка талапкер.
|
|
|