|
|
Исаков Исмаил
|
Ош дубанынын Алай районундагы Сопукоргон кыштагында төрөлгөн.
Ташкенттеги жогорку жалпы аскерий командалык училищени аяктаган(1973), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы Аскердик Академияны (1981-1984), Жогорку офицердик курстарды (1989), Орусиянын Башкы Штабынын Академиясын (1995-1996), Гуманитардык укук боюнча эл аралык институтту (Сан-Ремо, Италия, 1998) бүтүргөн.
1973 - аткычтар ротасынын командири (Түштүк аскерлер тобу, Венгрия).
1978-81 - рота командири, аткычтар батальонунун штабынын начальниги, батальон командири (Украина).
1984-92 - полктун штабынын комнадири, полктун командири, базанын штабынын бөлүм башчысы, база штабынын начальниги, дивизиянын штабынын начальниги.
1992-94 - Кыргыз Республикасынын Куарлдуу күчтөрүнүн аскерий даярдык башкармалыгынын бөлүм начальниги
1994-95 - Коргоо министринин биринчи орун басары, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын начальниги
1996-1999 - Коргоо министринин биринчи орун басары, кызматтан өз арызы менен бошотулган
2000 - Жогорку Кеңештин депутаты
2002- жылдан тарта "А.Акаевдин отставкасы, Эл үчүн реформа" коомдук- саясий кыймылынын штабынын жетекчиси
Генерал-майор.
|
|
|