|
|
Иманалиев Муратбек Сансызбаевич
"Жаңы багыт" кыймылынын лидери
|
1956-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору. "Жаңы багыт" саясий кыймылынын лидери. 1978-жылы Москва университетинин алдындагы Азия жана Африка университетин аяктаган.
Адистиги: тарыхчы-чыгыш таануучу, кытай тили боюнча котормочу
үйбүлөсү: аялы, уулу жана кызы бар
1978-1982-жылдары СССР илимдер академиясынын чыгыш таануу институтунда аспирантурада окуган.
1982-1991-жылдары Кыргыз ССРинин тышкы иштер министрлигинде экинчи катчы, бөлүм башчы, министрдин орун басарынын милдетин аткаруучу.
1991-1992-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри
1992-1993-жылдары Кытай Эл Республикасындагы Россия Федерациясынын кеңешчиси
1993-1996-жылдары Кыргызстандын Кытайдагы элчиси.
1996-1997-жылдары Кыргызстандын президентинин администрациясынын эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси
1997-2002-жылдары Кыргыз республикасынын тышкы иштер министри.
2002-жылдан бери Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору
2004-жылдын декабрь айынан бери "Жаңы багыт" кыймылынын лидери
|
|
|