|
|
Эркебаев Абдыганы Эркебаевич
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы
|
1953-жылы 12-майда Ош облусунун Алай районундагы Каратейит айылында туулган.
Филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимдер академиясынын академиги.
үй-бүлөлүү. Бир кызы, эки уулу бар.
1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1975-жылы Кыргызстандын борбордук комсомол комитетинин кызматкери.
1976 - 1981 - жылдарда Москвада СССР илимдер академиясынын дүйнөлүк адабият институтунун аспиранты.
1982 - 1985-жылдарда Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу.
1985 - 1988-жылдарда "Кыргызстан маданияты" гезитинин башкы редакторунун орун басары.
1988 - 1990-жылдарда Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун директору.
1990-жылы Жогорку Кеңештин депутаты.
1991 -1992- жылдары Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министри.
1992 - 1993 - жылдары вице-премьер-министр.
1993 - 1995 - жылдары Ош облусунун губернатору.
1995 - жылы Жогорку Кеңештин депутаты, ал эми 1997 - жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөрү жыйынынын төрагасы болуп шайланган.
2000-жылы партиялык тизме аркылуу Социал-демократиялык партиянын атынан Мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланып, ошол эле жылы апрелде палатанын төрагасы болуп шайланган.
|
|
|