|
|
Бешимов Бактыбек Жолчубекович
|
1954-жылы 13 сентябрда Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында төрөлгөн.
Тарых илимдеринин кандидаты.Профессор. Атайын жана ыйгарым укутуу элчилик даражада.
үйбүлөөсү:аялы, эки уулу бар.
Профессионалдык ишкердүүлүгү:
2000-жылдан бери Индия,Непал,Шри Ланка жана Бангледештеги Кыргызстандын атайын ыйгарым укуктуу элчиси.
1998-2000-жылдары КР Жогорку Кеңешинин эл өкүлдөр жыйынын депутаты.
1998-1999-ж.ж. БУУнун Фергана өрөөнүн өнүктүрүү программасынын улуттук менеджери.
1992-1998-ж.ж Ош мамлекеттик университетинин ректору.
1995-1998-ж.ж. БУУөП (ПРООН) "Лайф" (шаардын айлана чөйрөсүн коргоо) программасынын улуттук координатору. Келишим менен толук эмес мөөнөттө.
1991-1992-ж.ж. КР президентинин администрациясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси.
1987-1990-ж.ж.Билим берүү министрлигинде коомдук жана саясат илими бөлүмүнүн башчысы.
1980-1987-ж.ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, окутуучу,доцент.
Коомдук ишмердүүлүгү:
1997-жылдан бери "Борборазия жана Кавказ" эл аралык журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү. Стокгольм,Швеция.
1996-жылдан ушул мезгилге чейин "Ош-Сулаймантоо-3000" коомдук кордун төрагасы.
1994-1999-ж.ж. Ага Хан корунун эл аралык билим берүү комиссиясынын мүчөсү.
1996-1998-ж.ж. "Гималайдын жана Борбордуказиянын окумуштуулары" журналынын редакциялык кеңешинин мүчөсү. Нью Дели, Индия.
1995-1997-ж.ж. "Ипек йоли" эл аралык журналдын өкүлү. Стамбул,Турция.
Билими жана адистигин жогорулатуу:
1997-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университеинин аспирантурасын акатаган.
1990-жылы Эл аралык саясий илим мектебинде окуган. Таллин,Эстония.
1993-жылы АКШнын билим берүү Академиясында стажировкада болгон. Вашингтон, АКШ.
1996-БУУнун окутуу борборунда стажировкадан өткөн. Нью-Йорк.
1999-НАТОнун Маршалл борборунда стажировкада болгон.
Басылган эмгектери:
Борборазияда жогорку окуу жайларын реформалоо.( Higher education: The pathway to development) Ага Хан жана Оксворд университетинин басмаканасы. Карачи, 1998. авторлошуп жазган.
Жаңыча шартта этникалар аралык мамиле: тажрыйба жана көйгөйлөр. Илим,Бишкек.1996-ж.авторлошуп жазган.
Кыргызстандагы атуулдук кыймыл. Москва,1992-ж,авторлошуп жазган.
Ош шаарынын 3000 жылдыгына илимий негиздеги концепция. Ош.1997-ж.
АКШ,Англия,Орусия,Франция,Германия,Швейцария,Индия,Пакистан,Түркия,Казакстанда Борборазиянын турмушу жана геосаясат, аймактык саясат, эл аралык билим берүү боюнча конференция, семинар, тегерек үстөл, саммиттерге катышып, бир катар макала,очерк,эсселерди жазган.
|
|
|