|
|
Ашыркулов Мисир Аширкулович
"Адилет шайлоо үчүн" атуулдук бирикменин төрагасы
|
1946- жылы 8-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында туулган.
Билими жогору. 1969-жылы Санкт-Петербугдагы так механика жана оптика институтун бүтүргөн. Адистиги-электрондук эсептөө машиналары боюнча. Техника илимдеринин кандидаты. Англис тилин билет.
1969-1972 - жылы Кыргыз улуттук университеттин эсептөө борборунун лаборанты, инженери, башчысы
1972-1975 - жылы Санкт-Петербугдагы текстиль жана жеңил өнөр жай институтунун аспиранты
1976-1978 - жылдары Фрунзе техникалык институттун ага окутуучусу
1978-1986 - жылдары Жогорку окуу жайлар аралык республикалык эсептөө борборунун бөлүм башчысы,директордун орун басары
1986-1988 - жылдары Бишкектеги политехникалык институттун кафедра башчысы
1988-1992 - жылдары Жогорку окуу жайлар аралык республикалык эсептөө борборунун бөлүм башчысы,директордун орун басары
1992-1997 - жылдары Менеджмент жана бизнестин Бишкектеги эл аралык мектебинин ректору
1997-1998 - жылдары Кыргыз республикасынын Улуттук коопсуздук министринин биринчи орун басары
1998-1999 - жылдары Кыргыз республикасынын Улуттук коопсуздук министри
Ошол эле учурда 1998-жылдын 14-декабрынан тарта кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Координациялык кеңештин (комиссиянын) төрагасынын орун басары.
1999-жылдан 2001-жылдын 7-мартына чейин Кыргыз республикасынын президенттик администрациясынын жетекчиси.
2002-жылдын 19-июлунан 2004-жылдын 7-мартына чейин Кыргыз республикасынын президенттик администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу.
2001-жылдын 7-мартынан 2004-жылдын 24-майына чейин Улуттук коопсуздук кеңештин катчысы
Ошол эле учурда 2002-жылдын 18-апрелинен тарта ички иштер органдарын реформалоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы
2002-жылдын 6-сентябрында кол салуудан улам гранатанын сыныктары менен жараланган. Москвадагы Бурденко атындагы госпиталда дарыланган.
2004-жылдын майында "Адилет шайлоо үчүн" атуулдук бирикменин төрагасы
Генерал-лейтенант (31.12.2002).
|
|
|