|
|
Акматалиев Темирбек
Кыргыз республикасынын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар боюнча мурдагы министри
|
Кыргыз ССРинин Нарын облусундагы Нарын шаарында 1958-жылдын 15-декабрында туулган.
1981-жылы Кыргыз улуттук университетин бүтүргөн.
Адистиги - айыл чарбасындагы бухгалтердик учет.
1981-1983 - жылдары Кемин районундагы айыл чарба башкармасынын башкы бухгалтеринин орун басары
1983-1985 - жылдары Кыргыз ССРинин жашылча-жемиш минитсрлигинин ага экономисти
1985-1989 - жылдары Кемин районундагы "Жылтыр" совхозунун башкы экономисти, профкомунун төрагасы
1989-1990 - жылдары Кемин районундагы "Айылчарба химиясы" райондук өндүрүштүк бирикмесинин башкы экономисти
1990-1991 - жылдары Кемин районундагы "Кызыл октябрь" совхозунун ага экономисти
1991-1992 - жылдары Кемин районундагы айыл чарба башкармасынын башкы экономисти
1992-1994 - жылдары Кемин районундагы "Кызыл октябрь" совхозунун башкы экономисти, директорунун орун басары
1994-1996 - жылдары Кыргыз республикасынын президенттик администрациясынын бөлүмүнүн референти, эксперти, бөлүм башчынын орун басары
1996-1998 - жылдары Кыргыз республикасынын Жалалабада облусундагы Алабука районунун башчысы
1998-1999 - жылдары Кыргыз республикасынын Талас облусунун губернатору
1999-2001 - жылдары Кыргыз республикасынын Ош облусунун губернатору
2001-2002 - жылдары Кыргыз республикасынын Каржы министри
2002-2002 - жылдары Кыргыз республикасынын Ички иштер министри
2002-2003 - жылдары Кыргыз республикасынын президенттик администрация жетекчисинин орун басары, уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн башчысы
2003- жылдын 18-декабрынан бери Кыргыз республикасынын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри
|
|
|