|
|
АКАЕВА Майрам Дүйшөновна
|
Талас районундагы Шумкар айылында 1947-жылы туулган. Көп балалуу үй-бүлөдөн. Жубайы президент Аскар Акаев.Төрт баланы:эки кыз-Бермет, Саадат, эки уул-Айдар жана Илимди тарбиялаган.1965-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти,1965-1970-жылдары Ленинграддагы муздатуучу өнөр жай институтунун механика факультетин,1974-жылы Ленинград шаарындагы текстиль жана жеңил өнөр жай институтунун алдындагы аспирантураны аяктаган.1974-жылы "машиналардын динамикасы" боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.Профессор. Пекиндеги телекоммуникация жана байланыш университетинин ардактуу профессору(КНР,сент.,1995).Айтматовдук эл аралык коомдук Академиянын ардактуу академиги(1996).Кыргыз-өзбек жогорку колледжинин ардактуу профессору(1996).Ысыккөл мамлекеттик университетинин ардактуу профессору(1996).Коом жана жаратылыш боюнча илимдердин эл аралык Академиясынын анык мүчөсү (ноябрь,1998).40тан ашык илимий, анын ичинде 6 окуу китебинин жана окуу куралдарынын автору.1974-77-жылдары Ленинграддагы так механика жана оптика институтунун окутуучусу,Ленинграддагы текстиль жана өнөр жай институтунун улуу илимий кызматкери.1977-89-жылдары Фрунзедеги политехникалык институттун ага окутуучусу, доцент. 1989-93-жылдары Кыргыз улуттук мамлекеттик университетинин кафедра башчысы,профессор.
Энелер менен балдарды колдоо боюнча "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондусунун президенти. Фонд жетим, майып балдарга, социалдык жактан колдоого муктаж жана жакыр үй-бүлөөлөргө жардам көрсөтөт. Фонд эне менен баланын саламаттыгын коргоого багытталган медициналык-социалдык программаларды ишке ашырат. "Ден соолугу чың эне -дени сак бала-дени сак улут" деген ураандын алдында жашоонун сергек мүнөзүн жайылтат. "Мээрим" фондусу жаратылышты коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк "Глоуб" программасынын Кыргызстандагы координатору.Ысыккөлдө балдар үчүн ден соолукту кайра калыбына келтирүү борбору түзүлдү. "Жетим балдарды коргоо" программасы анын жеке көзөмөлү менен ишке ашырылууда.Республикадагы диабет менен ооруган адамдардын Ассоциациясынын мүчөсү.
Балдардын Бишкектеги билим берүү борборун(музейин) түзүүнүн демилгечиси.Анын негизги максаты балдарга компьютердик техниканы,учурдагы коммуникациялык жабдуулар менен иштөөгө жана "Интернет" глобалдык компьютердик системасы, электрондук почтаны пайдаланууга үйрөтүү.
Балдар менен өспүрүмдөр арасында кыргыз элинин мурастарын жайылтуу жана аны кайра калыбына келтирүүгө багытталган "Дүйнөдөгү балдарга -Манас жөнүндө" программасын ишке ашырууну, жыл сайын өткөрүлүүчү "Жаш таланттар" фестивалын өткөрүүнү көзөмгө алат.ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы иштери боюнча өкмөт алдындагы улуттүк комиссиясынын мүчөсү.1984-жылы окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин чечими менен "Фрунзедеги политехникалык институттун мыкты лектору" деген наам берилген.
1994-жылдын ноябрь айында Ош облусунун журналисттер союзунун "Мисир" наамы берилген. Кызыл жарым ай жана Кызыл чырым эл аралык уюмунун гумандуулук жана кайрымдуулугу үчүн Анри Дэвидсон медалы (1996),кайрымдуулугу үчүн ЮНЕСКОнун жетекчилиги астындагы UNITIнин эл аралык сыйлыгы жана "Алтын медалы" менен сыйланган. "Илим менен билим берүүнү жайылтууга кошкон салымы үчүн" 2004-жылы Кыргыз улуттук илимдер Академиясынын Иса Ахунбаев атындагы сыйлыгынын лауреаты болгон. Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКО) билим берүү тармагындагы биринчи сыйлыгынын лауреаты(2004,сентябрь).2005-жылдын февралынан тарта -"Нобелдик окуулар-100 жыл" кайрымдуулук фондусунун эл аралык кам көрүү фондусунун тең төрагасы.
Жазган китептери: "Машиналардын механикасы боюнча орус-кыргыз терминологиялык сөздүк" (авторлош) Бишкек,1994; "Механизмдердин назарияты" /Машина жана механизмдер теориясы боюнча окуу китеби/ 1996; "Түйүндүү атайын механизмдер".Бишкек,1997; "Архимед жана башкалар". Москва,1999; "Илимдин даанышмандары",2001;
Хоббиcи-сүрөт, балет, классикалык музыка.Ден соолукту чыңдоо ыкмасына кызыгат(П.К.Ивановдун системасы боюнча)
Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин төрагасы Р.Дырылдаевдин айтуусу боюнча-"улуттук коопсуздук министрлигинин мурдагы жетекчилеринен аны түрмөгө отургузууну талап кылган". ("Respublika", 5.06.2001).
|
|
|