|
|
Акаев Аскар Акаевич
Кыргыз Республикасынын кызматтан четтетилген президенти
|
1944 - жылы 10-ноябрда Чүй облусунун Кемин районунда туулган.
1968 - жылы Ленинграддагы так механика жана оптика институтун бүтүргөн.
1971 - жылы техника илимдеринин кандидаты.
1971 - 1972 - жылдарда Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу.
1973 - 1976 - жылдарда Ленинграддагы так механика жана оптика институтунда докторант.
1976 - 1986 - жылдарда Фрунзе политехникалык институтунда инженер, окутуучу, доцент, кафедра башчысы.
1980 - жылы Москва физико-техническалык институтунда докторлук диссертациясын жактаган.
1984 - жылы Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын мүчө-корреспондентти. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын академиктигине шайланган.
1986 – 1987-жылдарда Кыргыз ССРинин Борбордук Комитетинин илим бөлүмүнүн башчысы.
1986 - 1987 - жылы Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын вице-президенти.
1987 - жылы Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын вице-президенти.
1989 - жылы Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын президенти. Ошол эле жылы СССРдин Жогорку Советинин депутаттыгына шайланган.
1990 - жылы 27-октябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети тарабынан Кыргыз ССРинин президенти болуп шайланган.
1991 - жылы октябрдагы жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайланган.
1995 - жылы 24-декабрда өткөн альтернативалуу шайлоодо жана 2000-жылы 29-октябрдагы атаандаштык негизде өткөн шайлоодо Кыргызстандын президенти болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү. Жубайы - Майрам Акаева, кыздары - Бермет (1972-жылы туулган), Саадат (1980-жылы туулган). Уулдары - Айдар (1976-жылы туулган), жана Илим (1986-жылы туулган).
|
|
|