|
|
Чыңгыз Айтматов
Кыргызстандын Бельгия, Нидерландия, Франция, Люксембургдагы элчиси. Кыргызстандын НАТОдогу жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү.
|
1928-жылы Талас облусундагы Карабуура районунун Шекер айылында туулган. Атасы-Т?р?кул Айтматов-белгил?? партиялык ишмер.
1938-жылы "эл душманы" катары атылган.
1953-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктап, зоотехник кесибине ээ болгон.
1958-жылы Москвадагы Адабият институтун аяктаган.
1942-1944-жылдары Карабуура районунун Шекер айылдык кеңешинин катчысы
1944-1946-жылдары Карабуура районунда салык кызматкери
1948-1953-жылдары Жамбул шаарында Зооветтехникумда окуган
1948-1953-жылдары Скрябин атындагы кыргыз айыл чарба институтунун студенти
1953-1956-жылдары Кыргыз мал чарба боюнча илим изилдөө институнун ага зоотехниги
1956-1958-жылдары Москвада жогорку адабий курстардын угуучусу
1958-1960-жылдары "Литературный Кыргызстан" журналынын башкы редактору
1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин кабарчысы
1965-1986-жылдары Кыргыз жазуучулар башкармалыгынын төрагасы
1986-1990-жылдары "Иностранная литература" журналынын башкы редактору
март-октябрь 1990-жылы СССР президентинин кеңешчиси
СССРдин Жогорку Кеңешинин 7-11 чакырылышынын депутаты. 1989-1991-жылдары СССР эл депутаты.
1990-1993-жылдары СССРдин, РФнын Бельгиядагы элчиси
1993-жылдан бери Кыргызстандын Бельгия, Нидерландия, Франция, Люксембургдагы элчиси. Кыргызстандын НАТОдогу жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 1995-2000-жылдагы депутаты.
Эки жолу Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, биринчи даражадагы Манас ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.
Жазуучу катары Ленин, СССРдин мамлекеттик сыйлыктарын алган.
Кыргыз Илимдер Академиясынын академиги. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары дүйнөнүн 100дөн ашык тилине которулган.1993-жылы Бишкекте Айтматов Академиясы уюштурулган.
Төрт баласы бар. үч уул, бир кыз.
|
|
|