|
|
Айтматов Аскар
Кыргыз республикасынын мурдагы Тышкы иштер министри
|
Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында 1959-жылдын 5-январында туулган.
Кыргыз. Билими жогору. 1981-жылы Москвадагы мамлекеттик университеттин алдындагы Азия жана Африка институтун бүтүргөн. Адистиги тарыхчы-чыгыш таануучу. Англис, түрк жана француз тилдерин билет.
1982-1983 - СССРдин Тышкы иштер министрлигинин Орто Чыгыш бөлүмүнүн кызматкери, Москва шаары
1983-1987 - жылдары СССРдин Түркиядагы элчилигини кызматкери.
1987-1990 - СССРдин Тышкы иштер министрлигинин маалымат башкармасынын кызматкери, Москва ш.
1990-1992 - Кыргыз республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат-саясий бөлүмүнүн башчысы.
1992-1994 - Кыргыз республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары.
1994-1996 - Кыргыз республикасынын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу, Нью-Йорк шары.
1996-1998 - Кыргыз республикасынын президентинин кеңешчиси.
1998-2002 - Кыргыз республикасынын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөүмүнүн башчысы.
2002 - Кыргыз республикасынын Тышкы иштер министри.
|
|
|