|
|
Абилдаев Болот
Кыргыз республикасынын мурдагы Каржы министри
|
Кыргыз ССРинин Талас облусунун Киров айылында 1963-жылы туулган.
Билими жогору. 1985-жылы Кыргыз улуттук университеттин экономика факультетин аяктап, эл чарбасын пландоо адистигин алган. 1987-жылы Ленинграддагы финансы-экономикалык институттун аспирантурасын, 1998-жылы Москвадагы Европа университетин бүтүргөн.
Экономика илими боюнча доктор.
1985-1986 - Кыргыз ССРинин борбордук статистикалык башкармасынын экономисти.
1986-1987 - Кыргыз ССРинин мамлекеттик пландоо комитетинин эсептөө борборунун ага экономисти.
1987-1990 - Ленинграддагы Вознесенский атындагы финансы-экономикалык институттун күндүзгү аспирантурасы.
1990-1991 - СССРдин Илимдер Академиясынын илимий-өндүрүштүк бирикмесининин коммерциялык директору.
1991-1993 - Кыргыз товар-сырье биржасынын вице-президенти.
1993-1994 - "Дасмия" жоопкерчилиги чектелген коомдун директору.
1994-1996 - Кыргыз-казак "КиК Ltd" биргелешкен ишканасынын директору.
1996-1997 - Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы инспектору.
1997-1999 - Свердлов райондук казыначылыктын регионалдык бөлүмүнүн башчысы.
1999-2000 - Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы инспекциясынын темир жол бажысынын башчысы.
2000-2002 - Кыргыз республикасынын Каржы министрлигинин борбордук казыначылыгынын директору.
2002 - Кыргыз республикасынын Каржы министри
|
|
|