|
ШАЙЛОО 2005 - жаңылыктар
|
|
|
12:30 “Ата Мекен” партиясы дүйшөмбү күнү “Мен ишенбейм..” акциясын улантат
Партиянын штабынан алынган маалымат боюнча бул күнү шайлоонун жыйынтыгына ишенбеген жарандар колдоруна, сумкаларына, машиналарынын күзгүлөрүнө, үйлөрүнүн дарбазаларына кызыл тасма байлоо менен өздөрүнүн каршылыгын билдиришет. Каалагандар кызыл тасманы партиянын штабынан ала алышат, деп кабарлады “Ата Мекен” партиясы.
Акция жалпы Кыргызстан боюнча өткөрүлөт. (ZKo)
--
|
11:10 “Ата Мекен” партиясынын арызы боюнча сот иши уланат
БШКнын 20-декабрдагы №174 чечимин жокко чыгаруу тууралуу “Ата Мекен” партиясынын арызын кароону Биринчи Май райондук соту бүгүн улантат. Кечээ сотко берилген документтер менен таанышуу үчүн бир күнгө тыныгуу жарыяланган. Сотко бир катар бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, шайлоонун жүрүшүнө көз салган байкоочулар катышууда. (ZKo)
--
|
10:45 “Жашылдар” партиясы ачкачылык чарасын токтотууну өтүнүүдө
Аталган партия тараткан билдирүүдө 16-декабрдагы шайлоо кодексти жана мыйзамдарды одоно бузуу менен өткөндүгү белгиленип, ушул себептен “Жашылдар” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгы маалымданган. Мындан тышкары партия жетекчилиги бир нече күндөн бери ачкачылык кармап атышкан “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлерин акцияны токтотууга чакырган. “Сиздердин саясий ачкачылык максатына жетти – бийликке элдин кызыкчылыгы, өлкөнүн келечеги бир тыйынга арзыбастыгын сиздер жарандарга жеткире алдыңыздар. Азыркы бийлик чындыктан коркот, үй-бүлөлүк бийлигин бекемдөө үчүн адам укугун тебелөө менен ачык-айкындуулук үчүн күрөшкөндөрдү басып жок кылууга даяр,” деп айтылат билдирүүдө. (ZKo)
--
|
10:30 Бишкекте аялдардын ачкачылыгы уланууда
Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон он төрт аял “Ата Мекен” партиясынын борбордук штабында ачкачылык акциясын жарыялаганына үч күн болду. Алардын бири Салтанат Айдакееванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча кечээ кечинде дарыгерлер келип, ачкачылыкта отургандардын кан басымын текшерип кетишкен. Бийлик тарабынан эч ким кабар ала элек. Ачкачылык кармап отургандар бүгүн “Ата Мекен” партиясынын арызы каралуучу сот ишине барып, катышмакчы. (ZKo)
--
|
|
|