|
Timeline 2004
|
2005 | 2003
29- декабрь, 2004 - «Кыргызстан элдик кыймылынын» лидери Курманбек Бакиев, «Атажурт» коомдук саясий кыймылынын лидери Роза Отунбаева, «Жаңы багыт» кыймылынын жетекчиси Муратбек Иманалиев, Кыргызстан элдик конгрессинин лидери Алмаз Атамбаев жана «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин лидери Мисир Ашыркулов өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Анда парламенттик шайлоо учурунда өз ара кызматташуу, добуш берүүнү мыйзамдардын чегинде, демократиянын негизинде адилет өткөрүү каралган.
26- декабрь, 2004 - Президент Аскар Акаев Кыргыз улуттук телерадио корпорациясы аркылуу түз обого чыгып, элдин суроолоруна жооп берди. Президент парламенттик жана президенттик шайлоолорду Конституциянын жана демократиянын негизинде, ачык-айкын, калыс өткөрүү керек деп айтты. Ал эми “Кыргызстан элдик кыймылы” сыяктуу саясий күчтөр өлкөдө “Украина, Грузиядагыдай абал түзбөшү үчүн аларга сокку уруш керек, деген пикирин билдирди.
25- декабрь, 2004 - Социал-демократиялык партиянын алтынчы курултайы өттү. Анда сөз сүйлөгөн партиянын лидери Алмаз Атамбаев президенттик шайлоого катыша турганын, андыктан ал парламенттик шайлоого катышпай турганын билдирди. Алмаз Атамбаев өлкөдөгү саясий кырдаалга токтолуп, бийликти кескин сынга алды. Курултайда социал-демократиялык партия парламентке 7 талапкерди көрсөттү.
21- декабрь, 2004 - 21-декабрда Ош облустук мамлекеттик администрациясында «Элим менен, элим үчүн» коомдук фонду Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн референдум жолу менен 2010-жылга чейин узартуу демилгесин колдогон 30 миң адамдын колу коюлган петицияны мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго тапшырды. Ибраимов президент Акаевдин пайдасы үчүн кол топтоонун жүрүшүнө бир жактуу пикир айта албастыгын, бирок петицияны элдин аманаты катары Ак үйгө алып бара тургандыгын белгиледи. Аманбай Сатыбаев мындан ары да кол топтоо улантыла бере тургандыгын жарыя кылды. Мыйзамга ылайык кандайдыр бир мамлекеттик маанидеги маселени референдумга алып чыгуу үчүн 300 миң адамдын колу топтолушу керек.
14- декабрь, 2004 - «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы президент Аскар Акаевдин 10-11-декабрь күндөрү сүйлөгөн сөздөрүнө байланыштуу билдирүү таратты. Анда президенттин парламенттик шайлоону калыс жана таза өткөрүүгө чакырган кайрылуусун колдой тургандыгын, бирок оппозиция бийликке келиш үчүн «чет өлкөлүк ыплас саясий технологияны колдонуп жатат» деген билдирүүсү тынчсызданууну жаратат деп жарыя кылды.
13- декабрь, 2004 - «Атажурт» коомдук-саясий кыймылы түзүлүп, анын теңтөрагалары Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаев жана белгилүү саясатчы Роза Отунбаева экени маалымат жыйынында жарыяланды. Уюмдун башкы максаты: алдыда боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолордун ачык, акыйкат өтүшүнө көмөктөшүү, парламенттик шайлоодо депутатттык орун ээлөө.
2- декабрь, 2004 - «Кабар» маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытов Турсунбек Акундун жоголуп табылышы - бул Улуттук коопсуздук кызматын жана Ички иштер министрлигин айыптоо үчүн уюштурулган саясий оюн, деп билдирди.
1- декабрь, 2004 - Кыргызстан укук коргоо кыймылынын дайынсыз жок болуп жаткан төрагасы Турсунбек Акун кечки саат алтыларда табылды. Бишкек шаардык №4 ооруканасынан Турсунбек Акун «Азаттык» радиосунун кабарчыларына айтканына караганда, аны белгисиз бирөөлөр алып кетип, газ менен дем алдырып, жер төлөдө кармап жатышкан.
19- ноябрь , 2004 - Жогорку сот өлкөнүн Жаза өтөө мекемелеринин башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов 2005-жылдын ноябрь айында абактан бошотулат деген чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди Феликс Куловдун Сокулук райондук сотунун чечимине карата апелляциялык арызын караган Жогорку соттун коллегиясы кабыл алды. Ага катышкан «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү, Куловдун адвокаттары, туугандары жана өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү Жогорку соттун чечимине нааразылыктарын билдиришти. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова Кыргызстанда азыркы бийлик алмашмайынча Феликс Куловго карата сот адилеттүүлүгү болушу мүмкүн эмес деп билдирди.
17- ноябрь , 2004 - «Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын» төрагасы, укук коргоочу Турсунбек Акун 16-ноябрдан бери дайынсыз жок болуп жатканы билинди. Т.Акун президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүүнү каалаган атуулдардын колун топтоп жатышкан.
5- ноябрь , 2004 - Бишкекте "Кыргызстан элдик кыймылынын" уюштуруу курултайы өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 262 делегат, эларалык уюмдардын, Кыргызстандагы элчиликтердин өкүлдөрү, Мисир Ашыркулов, Медеткан Шеримкулов, Дастан Сарыгулов өңдүү саясатчылар катышты. Уюмдун төрагалыгына экс-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Бакиев шайланды. Анын орун басарлары болуп экс-министр Ишенгүл Болжурова, «Асаба» партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров жана Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчилеринин бири Николай Байло шайланды. Курултайда ошондой эле кыймылдын 17 кишиден турган Борбордук кеңеши түзүлдү. Ал эми уюмдун аткаруу комитетинин жетекчилдигине саясий ишмер Үсөн Сыдыков шайланды. Курултайда парламенттик шайлоого катышуу маселеси да каралып, резолюция кабыл алынды. Кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев Кыргызстандагы оор социалдык-экономикалык абалдан чыгуу үчүн өлкөдөгү конструктивдүү күчтөрдүн биригүүсү зарыл деп билдирди.
11- ноябрь , 2004 - Жергиликтүү кеңештерге 10-октябрда өткөн шайлоого шайлоочулардын 61 проценти катышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев билдирди. Анын айтымында, Бишкекте шайлоочулардын 35,4%, Баткенде-60,2%, Жалалабадда-69,3%, Ысыккөлдө-58,2%, Нарында-62%, Чүйдө-66,2% добуш беришти. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча, Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо «Алга, Кыргызстан» партиясы көп добуш алып, депутаттык 15 орунду ээлей турган болууда. Мындай маалымат партиянын Бишкек шаардык шайлоо штабынын башчысы Эмил Каптагаевден алынды. Экинчи орунда «Менин өлкөм», андан кийин «Адилет» партиялары турат. Ал эми оппозициячыл «Арнамыс» партиясы көрсөткөн 21 талапкердин бири да утушка ээ болгон жок. Партиянын өкүлү Абдысапар Баялиновдун айтымында, буга добуш берүүдөгү бут тосуулар тоскоол болду.
10- ноябрь , 2004 - Кыргызстандын аймагында жергиликтүү кеңештердин айылдык, поселкалык, шаардык жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынан төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, алдын ала алынган маалыматтарга караганда республика боюнча шайлоочулардын 61 проценти добуш беришти жана негизинен шайлоо тынч өттү. 6731 мандаттык орунга 10954 адам талапкерлигин койгон.
10- сентябрь , 2004 - Конституциялык сот Аскар Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышууга укугу барбы же жокпу деген маселени кароо эрте, анткени бул боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин карама-каршы жооптору талаш-тартыштуу маселе болуп эсептелбейт деген аныктама кабыл алды. Конституциялык соттун позициясы боюнча бул маселе алгач парламенттин кош палаталарынын жыйындарында каралууга тийиш эле.
Чотонов Конституциянын жаңы редакциясына ылайык Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша алабы же жокпу деген маселени тактап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Буга чейин депутат бул суроо менен Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын тиешелүү комитеттерине кайрылып, биринен "Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катыша албайт" деген, экинчисинен "Акаевдин кийинки шайлоого катышууга укугу бар" деген жооп алган.
25- август , 2004 - Бишкекте Кыргызстан элдик патриоттук кыймылынын уюштуруу жыйыны болду. Элүүдөн ашуун адам катышкан чогулушта укук коргоочу Турсунбек Акун сөз сүйлөп, бийлик менен оппозицияны сынга алды. Кыймылдын төрагалыгына Турсунбек Акун шайланып, уюмдун уставы кабыл алынды.
10- июнь , 2004 - Курамына алты саясий партия кирген «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун өкүлдөрү 2005-жылы өтүүчү президенттик шайлоодо Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, экс-премьер-министр Курманбек Бакиевди колдой тургандыгын билдирди.
24- май , 2004 - Президент Аскар Акаев Мисир Ашыркуловду Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду.
19- май , 2004 - «Адилет шайлоо үчүн» аттуу атуулдук бирикмеси түзүлдү. Аны Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркулов, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Марат Султанов, Социал-демократиялык партиянын төрагасы Алмаз Атамбаев, «Эл» партиясынын төрагасы Мелис Эшимканов, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев түзүштү. Уюмдун координациялык кеңеши да түптөлүп, анын төрагалыгына Мисир Ашыркулов, орун басарлыгына Адахан Мадумаров менен Марат Султанов дайындалды.
Уюмдун мүчөсү Мелис Эшимкановдон ушул күнү алынган маалыматка караганда, бул - бийлик менен оппозициянын ортосунда турган үчүнчү саясий күч болуп, келээрки президенттик жана парламенттик шайлоону адилет өткөрүү, экстремисттик ойлор менен трайбалисттик көз-караштарды басаңдатып, коомдо саясий туруктуулук менен сабырдуулукту калыптандыруу максаты менен түзүлдү.
2- апрель , 2004 - Президент Аскар Акаев "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамга жана «Мамлекеттик тил менен ырасмий тилдин натыйжалуу иштешине зарыл кошумча шарттарды түзүү чаралары» жөнүндөгү жардыкка кол койду. Президент мыйзам улуттун өнүгүшүнө салым кошуп, тарыхый эс тутумун өркүндөтөөрүн билдирди.
26- февраль , 2004 - АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы адам укуктарынын 2003-жыл ичиндеги абалы боюнча отчетун жарыялады. Анда 2003-жылы февраль айында өткөрүлгөн референдумда олуттуу мыйзам бузуулар болуп, анын жыйынтыгында президенттик бийлик күчөтүлүп, ал эми парламент жана Конституциялык сот алсызданды, президент Аскар Акаев бийликте үстөмдүгүн улантууда деп белгиленген.
19- февраль , 2004 - 2002-жылдын 27-декабрында Бишкек шаарындагы «Оберон» соода комплексиндеги жана кийин Ош шаарындагы «Бакай» банкынын акча алмаштыруу жайындагы жардырууларды уюштурган деген айып менен Өзбекстандын Асадулло Абдуллаев, Илхом Изатуллаев аттуу эки атуулу өлүм жазасына тартылышты. Мындай өкүмдү Кыргыз Республикасынын аскер сотунун судьясы Мадамин Азимжанов чыгарды.
28- январь , 2004 - «Арнамыс» партиясынын камакта жаткан жетекчиси Феликс Куловдун сот ишине байланыштуу Бишкектеги «Форум» өнөр жай тобунун имаратында талкуу өттү. Ага Куловдун адвокаттары, саясий партиялардын, бейөкмөт жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү, Куловдун тарапкерлери болуп баары - 400гө жакын адам катышты. Жыйында «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев «Кыргызстанда бийликтен өз эрки менен баш тарткан адам сөзсүз саясий куугунтукка учурайт» деген пикирин билдирди. Ф.Кулов 2001-жылдын январь айынан бери камакта.
27- январь , 2004 - «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга президент кол коюп, күчүнө киргендигине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев «Конституциянын жаңы редакциясына ылайык өзгөртүлгөн Шайлоо кодекси эларалык нормаларга жана элдин талабына жооп берет» деп баа берди. Жаңыртылган кодекстин талаптарына ылайык, мындан ары бардык шайлоолордо добуш берүүдө үч тарабы ачык, айнек жашиктер колдонулат. Шайлоо комиссияларына саясий партиялардын бирден өкүлдөрү киргизилип, алар комиссия курамынын үчтөн бирин түзөт. Парламенттик шайлоодо үгүт иштери бардык талапкерлер катталгандан кийин шайлоого 25 күн калганда башталат. Ал эми президенттик шайлоодо үгүт иштери добуш берүүгө 35 күн калганда, жергиликтүү бийлик органдарына шайлоого 20 күн калганда башталмакчы.
20- январь , 2004 - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясына 25ке чыккан жарандар мүчө боло алат. БШКнын мүчөлөрүнүн бир бөлүгүн Кыргыз Республикасынын президент дайындайт, бир бөлүгүн болсо Жогорку Кеңеш бекитет. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы мамлекеттик кызматкер болуп эсептелет. Шайлоонун жыйынтыгы БШКнын үчтөн эки мүчөсүнүн добушу менен кабыл алынат.
15- январь , 2004 - Биринчи вице-премьер-министри, юстиция министри Курманбек Осмонов 15-январда «тыңшоочу аппараттар өкмөттүк мекеме-органдар тарабынан коюлган жок» деген пикирин журналисттерге маалымдады. “Мен ишенимдүү түрдө бул өкмөттүн, атайын кызматтардын иши эмес деп айта алам. Бизге, азыркы өкмөткө жана өкмөттүк структураларга мындай иштерди жасоонун эч кандай кызыгы жок,” – деди ал. Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов парламентте сүйлөгөн сөзүндө тыңшоочу аппараттарды Улуттук коопсуздук кызматы койгон деген айыптоолорду четке кагып, бул - шайлоо алдында уюштурулган акция болушу ыктымал деген оюн билдирди.
14- январь , 2004 - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрт депутатынын Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев жана Азимбек Бекназаровдун парламенттеги иш бөлмөлөрүнөн жашыруун тыңшоочу аппараттар табылды.
Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы 6 саясий партия «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогун түзүштү. Анын курамына «Асаба», «КДК», «Кайран эл», «ЭрК», «Эркиндик» жана «Республика» партиялары кирди. Шайлоо блогунун жакынкы максаты адилет жана таза парламенттик шайлоо өткөрүүгө аракеттенүү, президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер менен чыгып, жеңишке жетишүү. Түпкү максат болсо - авторитардык бийлик системасын жоюп, элдин кызыкчылыгына кызмат кылган мамлекетти түзүү.
10- январь , 2004 - Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков 2005-жылдагы президенттик шайлоого ат салышаарын «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген интервьюда билдирди.
|
|
|