|
Timeline 2003
|
2005 | 2004
25- декабрь, 2003 - жыл - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Кодекс бир айдын ичинде президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Мурда Шайлоо кодексинде 98 берене бар болчу. Өзгөртүүлөр жана толуктоолордон кийин кодекс 93 беренеден турат. Кодексти жаңыртуунун башкы максаты - шайлоолордун калыс, ачык жана уюшкандык менен өтүшүнө негиз түзө турган жоболорду киргизүү болду. Атап айтканда, бюллетен ташталуучу кабинанын бир гана жагы жабык, калганы ачык болот. Кодекстеги дагы бир маанилүү жаңылык - «үгүт иштери депутаттыкка талапкерлер ырасмий каттоого алынып бүткөндөн кийин башталат» деген жобо болду. Депутаттардын пикири боюнча, мындай норма шайлоочуларды негизги иштеринен алагды кылбоо жана үгүт иштерин ырасмий каттоодон өткөндөн кийин талапкерлердин бардыгы бирдей шартта жана бирдей мөөнөттө баштоого мүмкүнчүлүк алсын деген тилек менен киргизилди.
|
|
|