[www.azattyk.kg]
[image][image] [image][image]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
 
Дүйшөмбү 18-июль, 2005 [e-mail to a friend]
Timeline 2005
2004 | 2003

18-июль, 2005 - Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти Курманбек Бакиевдин расмий түрдө ишке киришүү аземи 14-августта өкмөт үйүндө өткөрүлөөрү белгилүү болду. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров маалымат жыйынында билдирди. өкмөттүн буйругу менен Курманбек Бакиевдин расмий түрдө кызматка киришүү аземин өткөрүү боюнча атайын уюштуруу комитети түзүлдү. Комитетти Адахан Мадумаров жетектейт. Кыргызстандын президентинин ант берүү аземине АКШ, Орусия, Кытай, КМШ жана башка өлкөлөрдүн жетекчилери чакырылды. Учурда Улуттук коопсуздук кызматы жана башка күч структуралары инаугурация аземине келе турган мамлекет жетекчилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшүүдө. Ант берүү аземин өткөрүү күнү Жогорку Кеңештин депутаттары чогулат. Азем кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу түз эфирде чагылдырылат.

18-июль, 2005 - Президенттикке шайланган Курманбек Бакиев Кыргызстан элине кайрылуу жолдоду. Анда 10-июлда болуп өткөн шайлоодогу жеңишин Кыргызстан элинин ага болгон ишеними, илгери үмүтү, 24-марттагы элдик ыңкылаптын жемиштүү уландысы катары баалады. Президент белгилегендей, күчтүү мамлекетти эркин адамдар гана кура алат. Ал эми алдыда турган башкы маселелер катары улуттук экономиканы жандандыруу, социалдык курч маселелерди кечиктирбей чечүү, кедейчиликтен арылуу, мамлекетти коррупционерлерден тазалоо, улут намыскөйлүгүн күчөтүү жана башкалар белгиленген. "Биз шайлоо алдында берген эң башкы убадабызды - калктын жашоосунун жогорку деңгээлге жеткирип, коомду иш жүзүндө демократиялыштыруу, күчтүү мамлекет жана экономика куруу милдеттерин аткарууда Кыргызстан элинин эмгегине, акыл-эсине жана билимине таянабыз". - деп айтылган президенттин кайрылуусунда.

16-июль, 2005 - Конституциялык сот президенттик шайлоодо Курманбек Бакиев өлкө башчылыгына мыйзамдуу шайланды деген корутундусун жарыялады. Корутундуну Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова окуду. Конституциялык соттун сегиз судьясы тең Курманбек Бакиевдин мыйзамдуу президент болуп шайланды деген корутундуга бир добуштан макулдугун билдиришти. Мыйзамга ылайык, бир айдын ичинде президент Жогорку Кеңеште ант бериши керек. Курманбек Бакиев 10-июлда шайлоочулардын 88,71 пайыз добушу менен беш атаандашын артка калтырган.

13-июль, 2005 - Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда өткөрүлгөн кезексиз президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарган токтом кабыл алды. Анда 2005-жылдын 10-июлундагы президенттик шайлоо өттү деп белгиленип, талапкер Курманбек Бакиев 88,71 пайыз добуш алгандыгына байланыштуу Кыргызстандын президенти деп жарыяланды. Токтомдун бир көчүрмөсү Конституциялык сотко жолдонду. Президенттик шайлоодо жалпысынан 2 млн. 675 миң шайлоочу катталган. Алардын 2 млн. 204 миңи же шайлоочулардын 74,96 пайызы катышкан. БШКнын токтомун Конституциялык сот 7 күндүн ичинде карап, өзүнүн корутундусун берет.

11-июль, 2005 - Кыргызстандагы президенттик шайлоо ачык, эркин, эл аралык талаптарга ылайык өттү. Мындай билдирүүнү курамына алты өлкө кирген Шанхай кызматташтык уюмунан келген байкоочулардын жетекчиси Серик Нарысов 11-июлда өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Ушул эле күнү шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүүнү Көз каранды эмес өлкөлөр шериктештигинен келген байкоочулардын жетекчиси, КМШнын аткаруу комитетинин башчысы Владимир Рушайло жасады. Анын айтымында, президенттик шайлоо ачык айкын, мыйзам чегинде өткөрүлдү. "Биз шайлоонун жыйынтыгын тааныйбыз жана колдойбуз" деп кошумчалады Владимир Рушайло.

11-июль, 2005 - ЕККУнун байкоочулары 10-июлдагы президенттик шайлоо Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүндө өсүш барын далилдеди деп билдиришти. Европарламенттин делегация башчысы Киммо Кильнендин пикиринде, бул шайлоодо парламенттик шайлоодогудай добуштарды сатып алуу, маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү жана талапкерлерге бут тосуу фактылары катталган жок. Европарламент делегациясынын башчысы Альберт Йан Маат Кыргызстандын эл аралык нормаларды аткаруу аракети бул өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү шарттайт деп билдирди. ЕККУ миссиясынын башчысы Любомир Копайдын айтымында, Кыргызстандагы президенттик шайлоо аял талапкер катышкандыгы менен да айырмаланды. Ал эми добуш берүү учурунда административдик ресурстар ачык пайдаланылганы байкалган жок. Бирок байкоочулар маалымат жыйынында шайлоочулардын тизмеси, добуш берүү пайызы шек туудуруп жатканын билдиришти.

10-июль, 2005 - Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында талапкерлердин ичинен Курманбек Бакиев жалпы шайлоочулардын 88, 65 пайызынын добушун алып, жеңишке жетишти. БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 74 пайызы катышты. Президенттик шайлоого алты талапкер катышышты. Алардын ичинен Турсунбай Бакир уулуна шайлоочулардын 3,91 пайызы, Акбараалы Айтикеевге 3,69, Жыпар Жекшеевге 0,95, Токтайым үмөталиевага 0,52 ал эми Кеңешбек Дүйшөбаевге 0,51 пайызы добуш беришкен.

Президенттик шайлоого чет өлкөлөрдө жашап иштеп жүрүшкөн 37 миң 654 шайлоочу добуш беришти. Алардын 91,54 пайызы Курманбек Бакиевди колдошкон. Президенттикке талапкер Акбараалы Айтикеевди чет өлкөдө жүрүшкөн шайлоочулардын бир пайызы, Турсунбай Бакир уулун 5,64, Кеңешбек Дүйшөбаевди 0,3, Жыпар Жекшеевди 0,50, ал эми Токтайым үмөталиеваны 0,05 пайыз шайлоочу колдошкон. Тышкы иштер министринин маалыматына караганда, президенттик шайлоого Орусияда 29 миң 724, Казакстанда 4114 шайлоочу добуш берген.

9-июль, 2005 - Президенттик шайлоонун үгүт иштери таңкы саат 7де токтотулду. Мындай өзгөрүү бул жолку добуш берүү эртең мененки саат жетиде башталып, кечки саат тогузда аяктайт деген өзгөртүүнүн Шайлоо Кодексине киргизилгендигинен улам болду.

8-июль, 2005 - Талапкерлердин акыркы теледебаты болду. Ага бардык алты талапкердин катышуусу белгиленген эле. Бирок талапкер Курманбек Бакиев катышкан жок. Ал теледебатка катыша албасын 7-июлда экинчи бир талапкер Акбаралы Айтикеев менен болгон теледебатында маалымдаган эле. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы Авазбек Атахановдун маалымдоосуна караганда, Бакиевдин Ысыккөл облусунун шайлоочулары менен жума күнү жолугушуусу мурдатан эле белгиленген. Ошондуктан Бакиев акыркы теледебатка катыша албады.

8-июль, 2005 - БШК төрагасы Т. Абдраимов эл аралык байкоочулар жана журналисттер менен жолугушуп,10-июлда боло турган президенттик шайлоо мурдагы шайлоолордон ачкыктыгы жана шайлоочулардын тизмесинин тактыгы менен айырмаланууда деп билдирди. Анын айтымында, бул жолу 2 миллион 559 миң адам добуш берүүгө катышат. Бирок бул сан өзгөрүшү мүмкүн, себеби, шайлоочулардын санын тактоо добуш берүү аяктаганга 2 саат калгычакты жүргүзүлө берет. 2 миллион 670 миң бюллетень даярдалып, шайлоо участкаларына жеткирилди.

7-июль, 2005 - Жергиликтүү байкоочулар өз байкоолорунун жыйынтыгын чыгарышты. Президенттик шайлоо өнөктүгүнө "Демократия жана жарандык коом үчүн бейөкмөт уюмдар" коалициясынан 150 узак мөөнөттүү байкоочу көз салышты. Алар республиканын бардык дубандарында болушуп, талапкерлерди каттоо, кол чогултуу, райондук жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзүү жана үгүт иштерине байкоо жүргүздү. Аталган коалиция президенти Эдил Байсаловдун айтымында, жалпысынан бул жолку шайлоо өнөктүгү мурдагы шайлоолорго салыштырганда, олуттуу мыйзам бузууларсыз өткөрүлдү.

7-июль, 2005 - БШК Бишкек жана башка ири шаарларда утурумдук жашап, иштеп жүргөн атуулдарды президенттик шайлоого катыштыруу боюнча соңку чечим кабыл алды. Ага ылайык президенттик шайлоого чейин өз жашаган жериндеги шайлоо участогунан расмий документ алып келе албаган атуулдар шайлоого катыша алышпайт.

7-июль, 2005 - Президенттик шайлоого катыша турган эл аралык байкоочуларды жана журналистерди расмий каттоо мөөнөтү аяктады. БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимовдун айтымында, баш аягы 1236 адам катталууга арыз беришти. Алардын ичинен 967 эл аралык байкоочу, 269 журналист каттоодон өтүштү. Эл аралык байкоочулар КМШ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардан жана АКШ, Жапания,Малазия, Чехия жана башка өлкөлөрдөн келишти.

6-июль, 2005 - "Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн" комитетинин төрагасы Феликс Кулов маалымат каражаттарына Кыргызстанда президенттик шайлоо тынч маанайда, мыйзам чегинде өтүп, ага шайлоочулардын катышуу деңгээли жетиштүү болот деген пикирин билдирди. Куловдун айтымында, учурда айрым топтор тарабынан президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу максатында жүргүзүп жаткан аракеттеринен натыйжа чыкпайт.

6-июль, 2005 - "Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн" комитетинин отурумунда айрым талапкерлердин өкүлдөрүнүң доо арыздары талкууланды. Президенттик шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузууларга жол берилип жатканына нааразы болушкан президенттикке талапкерлер Кеңешбек Дүйшөбаевдин жана Турсунбай Бакир уулунун өкүлдөрү, чет элдик байкоочулар "Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн" комитетине доо арызын жолдогон. Арыздын көчүрмөсү БШКга, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөн. Даттануу арызында Бишкектин 1-май районунун аймагында президенттикке талапкер Турсунбай Бакир уулунун үгүт баракчалары айрылып, анын үстүнө Курманбек Бакиевдин үгүт баракчалары чапталып жатканы жана бийлик тарабынан ар кандай кысым жасалып жатканы көрсөтүлгөн. Аталган комитеттин жооптуу катчысы Галина Куликова арызда көрсөтүлгөн маселелер жеринде териштириле тургандыгын билдирди.

6-июль, 2005 - Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча уюмдардын европалык түйүнүнүн Кыргызстандагы миссиясынын жетекчиси Питер Новотный Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо алдында айрым кемчиликтерди кетирүүдө, атап айтканда үгүт иштеринин учурунда айрым мыйзам бузуулар байкалып жатат деп билдирди. Аталган уюмдун 14 өкүлү шайлоо алдындагы өнөктүккө узак мөөнөттүк байкоо жүргүзүшүүдө. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын ишиндеги кемчиликтерди анын кызматкерлеринин профессионалдык деңгээлинин жетишсиздигине жана шайлоо жараяндарына кыска мөөнөт бөлүнгөндүгүнө байланыштырышууда. Уюмдун өкүлдөрү белгилешкендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоо бюллетендерин таратуу боюнча иштери да ачык жүргүзүлбөй жатат. Мисалы, чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарга канча бюллетень жиберилгендиги азырынча белгисиз. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдиришкендей, комиссия ишин ачык жүргүзүүдө.

5-июль, 2005 - Жогорку Кеңештин төрагасы өмүрбек Текебаев маалымат жыйынын өткөрүп, президенттик шайлоонун үзгүлтүккө учуроо коркунучу бар деп билдирди. Жогорку Кеңеш төрагасы өзүнүн жогорудагыдай пикирин Баш мыйзамдагы шайлоого өлкөдөгү бардык шайлоочулардын элүү пайыздан көбү катышса гана шайлоо өткөрүлдү деп саналат деген эрежеге байланыштырып түшүндүрдү. Текебаевдин пикиринде, парламенттик шайлоодо республика боюнча шайлоочулардын 60 пайызы, ал эми шаар жеринде болсо жыйырма пайызы гана катышкан. "Ошондуктан жайкы эс алуу мезгилинде шайлоочулар добуш берүүгө келбей коюшса, шайлоо үзгүлтүккө учурайт" дейт өмүрбек Текебаев.

5-июль, 2005 - Чүй дубанындагы кайрымдуу күчтөрдүн кошууну экс-президентин кичи мекени Кеминде үчүнчү күчтөр шайлоону болтурбоо аракеттерин жасап жатышканы тууралуу билдирүү жасады. Уюмдун лидери Вера Таранникова билдиргенге караганда, Аскар Акаевдин командасында иштеген саясатчылар жана жакындары 24-марттан бери калк арасында тескери үгүт жүргүзүүнү улантышууда. Анын айтымында, мисалы, азыркы убактылуу бийликке баш ийбөө чакырыгын камтыган билдирүү таратылган. "Ал эми кайсы бир күчтөр Айдар Акаевдин атынан айыл өкмөттөрүнө каражат бөлүп берип жатат" дейт Вера Таранникова. Улгайган адамдар биримдигинин жетекчи орун басары Виктор Самохвалов билдиргенге караганда, айрым саясий күчтөр Чүй дубанында жана башкалаада шайлоодо бардык талапкерлерге каршы добуш берүүгө жашыруун үгүт жүргүзүшүүдө. БШКнын маалымат кызматы билдиргенге караганда, бул багытта комиссияга арыз түшө элек.

4-июль, 2005 - Президенттикке талапкерлердин бири-бири менен теледебаты башталды. Талапкерлердин теледебаты Улуттук телерадио корпорациясы аркылуу коомчулукка түз көрсөтүлүп турат. Бул күнү талапкерлер Жыпар Жекшеев менен Токтайым үмөталиева теледебатка чыгышты. 5-июлда Турсунбай Бакир уулу менен Кеңешбек Дүйшөбаев ал эми 6-июлда Курманбек Бакиев менен Акбараалы Айтикеевдин теледебаты өткөрүлөт. Теледебат кечки саат сегиз жарымда башталып, эки саатка улантылат. Талапкерлердин теледебаты БШКнын отурумунда чүчүкулак кармоо жолу менен аныкталган.

4-июль, 2005 - Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев "Шайлоо Кодексине" кошумча киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Ага ылайык жай мезгилдери добуш берүү мөөнөтү эки саатка узартылат. Башкача айтканда, 10-июлдагы президенттик шайлоодо шайлоочулардын саат 7.00дөн саат 21.00ге чейин добуш берүүгө мүмкүндүгү бар. Мындай мүмкүнчүлүк жай мезгилине белгиленген бардык шайлоо өнөктүктөрүнө берилет. Мыйзамга мындай өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш өзүнүн жайкы эс алууга кетер алдындагы акыркы отурумдарынын биринди кабыл алган.

4-июль, 2005 - БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов өлкөдө президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратуу боюнча ар кандай аракеттер көрүлүүдө жана ага карабай президенттик шайлоо үзгүлтүккө учурабай ийгиликтүү өткөрүлөөрүн маалымдады. БШКнын кызматкерлери жүргүзгөн иликтөөдө президентик шайлоодо кеминде жалпы шайлоочулардын алтымыш пайызы добуш берээри аныкталгандыгын кошумчалады. БШКнын маалыматына караганда, өлкө боюнча 2 миллион 670 миң шайлоочу бар жана 2 миң эки жүз шайлоо участогу ачылды.

4-июль, 2005 - Назарбек Нышановдун Курманбек Бакиевди президенттикке талапкердик укуктан ажыратуу жөнүндөгү доо арызын 1-май райондук соту карады. Доо арызда белгиленгенге караганда, Курманбек Бакиев үгүт иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттөн эрте баштап, мыйзамды бузган. үгүт иштери 14-июнда башталышы керек болсо, ага чейин эле "Жаңы ордо", "Агым", "МСН" гезиттерине Бакиев жөнүндө көлөмдүү материалдар басылган, программасын тараткан. Ошондой эле Нышанов Бакиевди добуш сатып алуу аракеттерин жасады деп эсептеп, ага мисал катары Мирсаид Миррахимовдун Нарындагы медициналык борборуна белек бергендиги тууралуу маалыматты келтирген. Сот ишинин тыянагын жарыялай элек. Ал эми Курманбек Бакиевдин өкүлү Бектур Зулпиевдин айтымында, гезиттер чакырык эмес, маалымат иретинде басылган, программасы "Учкун" басмасынан 14-июнда жарык көргөн. Ушул өңдүү негиздер Бакиев тарабынан мыйзам бузулбагандыгын далилдейт дейт Зулпиев.

3-июль, 2005 - Президенттикке талапкер Курманбек Бакиевдин ишенимдүү өкүлү Табалды Орозалиев Борбордук шайлоо комиссиясына ачык кат менен кайрылды. Анда белгисиз бирөөлөр тарабынан шайлоочуларга Курманбек Бакиевдин абройуна шек келтире турган "Биз Бакиевди тандап алдык, башка талапкерлердин үгүтчүлөрү тынчыбызды албасын" деген баракчалар таратылып аткандыгы жазылган. Табалды Орозалиевдин айтымында, БШКга бул кат арыз түрүндө эмес, эскертүү катары, тескери үгүт аракеттеринин республиканын аймактарына тарашына жол берилбеши үчүн жазылды.

2-июль, 2005 - Борбордук шайлоо комиссиясы "Шайлоочулардын кошумча тизмесин түзүү тууралуу" токтом кабыл алды. Токтомго ылайык негизги тизмеге кирбей калган шайлоочу паспортун же 2004-жылдагы пластикалык күбөлүгүн жана Ички иштер министрлиги тарабынан берилген №9-формадагы жашаган жери көрсөтүлгөн справканы көрсөтүү аркылуу кошумча тизмеге киргизилет. Ошондой эле БШКнын ушул күнкү отурумунда президенттикке талапкер Жыпар Жекшеевдин ишенимдүү адамдары каттоодон өттү.

1-июль, 2005 - Кыргызстанда 10-июлда боло турган президенттик шайлоого терс таасир эте турган саясий курч кырдаал түзүлгөн жери жок. Шайлоо системасынын эл аралык фонду менен "Толеранттуулук үчүн" бейөкмөт уюму бир апталык сурамжылоонун негизинде ушундай тыянакка келди. Бул тууралуу 1-июлда тараптар уюштурган маалымат жыйынында кабарланды. Шайлоо системасынын Эл аралык фонду менен "Толеранттуулук үчүн" бейөкмөт уюму шайлоо өнөктүгүнүн учурундагы чыр-чатактарды алдын алуу жана аларды чечүүгө көмөктөшүү максатында жаңы долбоорду ишке киргизди. Бул долбоорду БУУнун өнүгүү программасы менен ЕККУ колдоого алды.

1-июль, 2005 - 10-июлга белгиленген президенттик шайлоого 50 пайыз шайлоочу келбей калышы ыктымал. Буга элдин Бакиев-Кулов тандеминен кийин көңүл ток болуп калышы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ички мигранттардын шайлоого катышуусуна жол ачпашы себеп болот, деп билдирди 1-июлда Кыргызстан элдик кыймылы шайлоо блогунун башчысы Кулубек Бөкөнбаев. Анын айтымында, ички мигранттар катталган жеринен айрып алуу талондорун алып келип, андан кийин шайлоого катыша алаары жөнүндөгү БШКанын чечими, миңдеген атуулдардын шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. Анткени мигранттардын басымдуу көпчүлүгүнүн шаарда катталуусу жок, деп белгиледи Бөкөнбаев.

30-июнь, 2005 - Жогорку сот президенттикке талапкер болууну каалган Урмат Барктабасовдун апелляциялык арызын карап, Биринчи май райондук соттун 22-июндагы чечимин күчүндө калтырды. Биринчи май райондук соту Урмат Барактабасов Казакстандын атуулу деген чечим кабыл алган. Ал эми Урмат Барктабасовдун адвокаты Кайсын Абакиров ушул эле күнү "Азаттыкка" Жогорку соттун чечимине макул эместигин жана келечекте Конституциялык сотко кайрыла тургандыгын маалымдады.

30-июнь, 2005 - Жогорку Кеңеш Шайлоо кодексине кошумча өзгөртүү киргизди. Ага ылайык президенттик шайлоого добуш берүү эртең мененки саат сегизден кечки онго чейин узартылды. Депутаттардын пикиринде, мындай өзгөртүү президенттик шайлоонун кезексиз, жай айларына дайындалгандыгы менен байланыштуу. Баш мыйзамга ылайык, Шайлоо кодексине мындай өзгөртүү президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев кол койгон күндөн тарта күчүнө кирет.

29-июнь, 2005 - Президенттик шайлоого даярдыктар жакшы деп билдирди БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов. Анын айтымында, 2 миллион 691 миң шайлоочуга жеткидей бюллетендер басылып даяр турат жана бүгүндөн баштап түштүк региондорго жөнөтүлө баштады. 10-июлдагы шайлоого ЕККУ, ШКУ өңдүү уюмдардан жана КМШдан келген 1000ге чукул байкоочу көз салат.

28-июнь, 2005 - Кыргызстандын президенттигине талапкер болууга умтулган Урмат Барктабасов Казакстандагы "Литер" деген гезитке интервью берип, анда "17-июнда өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө каршы болчумун, бирок "Мекеним- Кыргызстан" кыймылынын өкүлдөрү өткөрүү керек деп туруп алышты. Чынын айтсам, анын аягы чагым менен бүтөөрүн билгем" деп билдирди. Андан тышкары чагымды уюштуруучулардын башында президенттин милдетин аткаруучу К.Бакиев менен Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Таштемир Айтбаев турат деп жарыя кылды.

26-июнь, 2005 - Президенттикке талапкерлигин койгон Аманбай Сатыбаев Жогорку сотко арыз менен кайрылды. Арыз ээси Жогорку соттон Борбордук шайлоо комиссиясын аны президенттикке талапкер катары каттоону милдеттендирүүнү өтүнгөн. Аманбай Сатыбаев шайлоочулардын 50 миң колун топтоо талабын аткара албагандыгынын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан президенттикке талапкер катары катталган эмес. Сатыбаевдин пикиринде, Борбордук шайлоо комиссиясы кол топтоо ишин өз учурунда баштоого ага тоскоолдук кылып, анын ишенимдүү өкүлдөрүнө күбөлүктөрүн бир жума кеч тапшырган. Буга чейин ушундай эле арызы менен Аманбай Сатыбаев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Бирок райондук сот анын арызын канааттандырган эмес.

25-июнь, 2005 - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында республикалык "Айтыш" коомдук кору жана Улуттук телерадио корпорациясы уюштурган "Акыйкат шайлоо үчүн" деген аталыштагы төкмө акындардын айтышын өткөрдү. Акындар президенттикке талапкерлерди алдыдагы президенттик шайлоону акыйкат, адилет, таза өткөрүүгө жана ынтымакка чакырды. Айтышка эл артисттери Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев жана жаш төкмө акындар катышты.

23-июнь, 2005 - Президенттикке талапкер Жусупбек Шарипов талапкерликтен баш тартты. Ал бул тууралуу кайрылуу таратып, анда Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун биригишинен кийин өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоо чечимине келгендигин жарыя кылды. Кайрылуусунда мындан бир нече күн мурун Курманбек Бакиев менен жолугуп сүйлөшүүдө экөөнүн көп көз караштары төп келээрине ишенгендигин да билдирди.

Кыргызстандын чет жерде жүргөн атуулдарынын добуш берүүсү үчүн 1 миллион 140 миң сом сарпаталат. Мындан эсепти Борбордук шайлоо комиссиясы 23-июндагы отурумунда бекитти. Бул акчага Орусиянын 11, Казакстандын 2 шаарында шайлоо участкалары уюштурулат. Мындан тышкары 437 миң сом шайлоо комиссия өкүлдөрүн даярдоого жумшалат.

22-июнь, 2005 - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Урмат Барктабасовдун арызын карап, аны канааттандырган жок. Урмат Барктабасов сотко кайрылган арызында Борбордук шайлоо комиссиясынын 13-июндагы өзүн талапкер кылып каттабай койгон чечимин жокко чыгарууну өтүнгөн.

21-июнь, 2005 - Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин бири Токтайым үмөталиева Жогорку Кеңеш сунуш кылган "Президенттикке талапкердин Кыргызстандын элинин алдындагы милдеттенмеси" деген документке кол коюудан баш тартты. Анын билдирүүсү боюнча, документ мазмун жана формасы боюнча мыйзамсыз жана эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес жана ал эски Конституциянын эле Жогорку Кеңештин кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккан варианты. Ошон үчүн ага кол коюунун зарылдыгы жок, - дейт Токтайым Үмөталиева. Жогорку Кеңеш сунуш кылган документте шайлоодон кийин президент болгон адамды Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча конституциялык кеңешме даярдаган долбоорду таанып, аны кабыл алууга милдеттендирет. Ал эми 21-июнда президенттикке талапкер Курманбек Бакиев документке кол коерун парламентке кабарлап, анда эгер президент болуп калса расмий түрдө ишке киришкенден кийинки эки айдын ичинде Конституцияны Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алууга сунуштоого милдеттенээрин билдирди. 21-июнда аталган документке президенттикке дагы бир талапкер Акбаралы Айтикеев да кол койду.

20-июнь, 2005 - Биринчи вице-премьер-министрдин милдетн аткаруучу Феликс Кулов президенттик шайлоо кампаниясы учурунда өз кызмат ордун утурумдук таштады. Феликс Кулов шайлоо өнөктүгү учурунда президенттикке талапкер, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевди колдоп үгүт иштерин жүргүзөт. өзүнүн мындай кадамга баргандыгын Феликс Кулов соңку мезгилдери өлкөдө орун алган саясий-экономикалык абалды, түндүк-түштүк болуп бөлүнүүчүлүктү эске алып, Кулов-Бакиев тандемин иш жүзүндө бекемдеп, өлкөдө тынчтыкты камсыз кылуу үчүн болуп жатат деп түшүндүрдү.

19-июнь, 2005 - Курманбек Бакиев премьер-министрлик полномочиелерин Шайлоо кодексинин 28- беренсинин талаптарына ылайык токтотуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул жарлыктын 2-беренсине ылайык премьер- министрдин ыйгарым укуктары биринчи вице-премьер-министрге жана вице-премьер министрлерге бөлүштүрүлөт. Курманбек Бакиев 17-июндан баштап премьер-министр катары эс алууга кеткен. Дал ошол күнкү өкмөт үйүнө жасалган чабуулдан кийин кайрадан ишке чыгууга аргасыз болгон. Курманбек Бакиев президенттин милдетин аткаруучу катары полномочиелерин тапшырган жок.

17-июнь, 2005 - Эртең менен өкмөт үйүнүн алдына Урмат Барыктабасовдун миңден ашуун тарапкерлери митингге чогулуп, Барыктабасовду эмне себептен Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер кылып каттабай коюсун түшүндүрүп берүүнү талап кыла башташты. Түшүндүрүп берүүгө эч ким чыкпагандыктан саат он бирлерде алар өкмөт үйүнө кирип барды. Нааразыланган атуулдар өкмөт үйүн түрө кыдырып, жетинчи кабатта вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр үсөнов, Ишенгүл Божурова жана коопсуздук кеңештин катчысы Мирослав Ниязов менен жолугушту. Алар митингге чыккандарды чоң залга, же сыртка чыгып сүйлөшүүгө чакырды. Митингчилердин бир тобу аларды ээрчип чыкса, калганы сыртка чыгуудан баш тартып, "Урматка мандат!" - деп кыйкыра башташты. Ал эми мурунку мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Мукар Чолпонбаев элди Акүйдөн чыкпоого үндөп жүрдү. Түшкө жуук элдин саны беш миңге чукулдап барды.

Түшкү саат 11ден кийин Ак үйдүн тосмосунан өтүп, эшигине чейин барган 5 миңге чукул адамды милиция резина таяк менен калканчтарын койгулап айдап чыкты. Бирок Ак үйдүн алдында алардын 500гө чукулу калып, бийлик өкүлдөрүнүн эл менен жолугушуусун талап кылып турушту. Бир аз убакыттан кийин милиция аларга көздөн жаш агызуучу газ чачып, өкмөт үйүнүн жанынан "Алатоо" аянтына чейин кууп таратты. Чогулгандар милицияга, милиция аларга каршы таш ыргытышып каршылык көрсөтүштү жана андан бир нече адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлигинен алынган маалыматка караганда, врачтарга 41 адам кайрылды. 27 адамга чакырган жеринде жардам көрсөтүлүп, үчөө ооруканага жаткырылды. Анын бирөө реанимацияда, ууланган дагы бирөө токсикология бөлүмүнө жаткырылды. Жабыр тарткандардын жарымысы газдан ууланышкан жана алардын арасында милиционерлер менен митингге чыккандардын саны бирдей. Жараат алгандардын арасында адам укуктары боюнча президент алдындагы комитеттин төрагасы Турсунбек Акун да бар. Ал республикалык оорукананын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, дарыгерлер жаратын тигишти.

14-июнь, 2005 - Ушул күндөн тарта президенттик кызматка талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталды. Ал иш чара добуш берүүгө бир күн калганда токтотулат. Ал эми тийиштүү документтерди чогултай албай, ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талапкер катары катталбай калган Назарбек Нышанов 14-июнда Биринчи май райондук сотуна кайрылып, үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузууга барган деп, талапкер Курманбек Бакиевдин катталуусун жокко чыгарууну талап кылды.

13-июнь, 2005 - Кыргызстандын президенттигине 5 талапкер макулдашуу хартиясына кол коюшту. Ага БУУнун, ЕККУнун жана чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышты. Хартияны Борбордук Шайлоо комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун кеңеши жана бейөкмөт уюмдардын көмөгү менен даярдаган. Анда талапкерлерди Кыргызстандын мыйзамдарына каршы аракеттерге барбоого жана ЕККУнун талаптарын так аткарууга милдеттендирген 20 талап жазылган. Талаптарга ылайык талапкер атаандаштарына каршы эч кандай коркутуп-үркүтүүлөргө барбай, шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде жүргүзүүгө милдеттенип, шайлоо комиссияларын опуза кылган билдирүүлөр менен чакырыктарды жасай албайт. Хартияга президенттикке талапкерликке көрсөтүлгөн 12 атуулдун бешөө гана кол коюп, кол коюу салтанатына катышкан Токтайым Үмөталиева менен Аманбай Сатыбаев кол коюудан баш тартышты. Калган 5 талапкер салтанатка келген жок.

Президенттикке талапкер Урмат Барктабасовдун жүздөн ашуун жактоочусу 13-июнда адегенде Жогорку Кеңеш, андан соң Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар Урмат Барктабасовду талапкер катары каттоону талап кылышты. Урмат Барктабасов Казакстандын атуулу болгондуктан Борбордук шайлоо комиссиясы 13-июндагы отурумунда аны президенттикке талапкер катары каттабоо чечимин кабыл алды. БШКнын маалыматына караганда, Урмат Барктабасов Казакстандын Жамбыл областтык ички иштер башкармалыгы тарабынан 2003-жылдын 27-августунда Казакстандын атуулдугун алган.

Шайлоо кодексине ылайык 13-июнда президенттикке талапкерлерди каттоо мөөнөтү соңуна чыкты. БШКнын бул күнкү отурумунда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана Акбараалы Айтикеев президенттикке талапкер катары катталышты. Ал эми президенттикке талапкер катары катышуу үчүн арыз беришкен Нышанов Назарбек, Дамира Өмүркулова Сатыбай Аманбаев Кубанычбек Апас, Гайша Ибрагимова атуулдардын колун жетишээрлик санда топтой албагандыктан талапкер катары катталышкан жок. Кыргызстандын шайлоо кодексине ылайык 14-июндан тарта президенттик шайлоого үгүт өнөктүгү башталат.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президенттикке талапкер болуп катталгандыктан, президенттик шайлоо бүткүчөктү өз кызмат ордун таштап эс алууга чыкты. Бул тууралуу 13-июнда "Акыйкатчы" институтунан кабарлашты. Бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер катары баш аягы жети талапкер БШКнан расмий түрдө каттоодон өттү.

11-июнь, 2005 - Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын токтомдору менен Турсунбай Бакир уулу, Жыпар Жекшеев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Токтайым Үмөталиева жана Жусупбек Шарипов президенттикке талапкерлер катары катталышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов аларга президенттикке талапкерлердин күбөлүктөрүн тапшырып, талапкерлерди шайлоо өнөктүгүнүн учурунда мыйзамдар менен Шайлоо кодексин сактоого чакырды. Талапкерлер да Борбордук шайлоо комиссиясынан адилет болунууну өтүнүштү. Курманбек Бакиев менен Акбараалы Айтикеевди президенттикке талапкер катары каттоо алардын бул күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумуна катыша албай калышкандыгына байланыштуу 13-июнга жылдырылды.

Кыргызстандын өлкө башчылыгына талапкерлердин бири "Мекеним-Кыргызстан" кыймылынын төрагасы Урмат Барктабасов 2003-жылдын 27-августунда Казакстандын атуулдугун алган. Бул тууралуу расмий түрдө Казакстандын Жамбыл облусунун ички иштер башкармалыгынан Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясына билдирилди. Мындай маалыматты камтыган расмий документтер 11-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттикке талапкерлерди каттоо боюнча отурумунда каралды. Ал документтер боюнча Урмат Барктабасов 1999-жылы Беларус, Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын ортосунда кол коюлган атуулдукту жеңилдетилген тартипте алуу жөнүндөгү Макулдашуунун негизинде алган. Казак паспорту боюнча ал Жамбыл облусунунун Курдай районунун Сортобе айылынын Ленин көчөсүндө жашайт деп катталган. Ал эми 2003-жылы Барктабасов Кыргызстандын ички иштер органдарына кайрылып, мурдагы паспорту жоголгон деген себепти айтып, кыргыз паспортун алган. Анын ыйгарым укуктуу өкүлү Замирбек Тыныбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Барктабасов Казакстандын өкүлү эмес деп билдирди.

10-июнь, 2005 - Шайлоолорго байкоо салуу боюнча Европа уюмдарынын миссиясы Кыргызстанда өз ишин баштады. Уюмдун Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн келген 80 байкоочусу өлкөнүн бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдө байкоо жүргүзөт. Алардын 14ү узак мөөнөттүү, 40ы кыска мөөнөттү байкоочулар. Миссиянын 12 байкоочусу Россия жана Казакстандагы добуш берүүлөгө көз салат. Байкоонун жыйынтыгы боюнча отчет даярдалып таратылмакчы. Бул тууралуу миссиянын басма сөз катчысы Александр Черненко 10-июнда кабарлады.

8-июнь, 2005 - Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун демилгеси менен "Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн" коомдук комитети түзүлдү. Коомдук комитетти түзүүнүн башкы максаты - президенттик шайлоо учурунда административдик ресурстун пайдаланылышына жол бербөө, шайлоонун ачык-айкын, адилет өтүшүнө байкоо жүргүзүү. Кулов белгилегендей, комитеттин курамына бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын, парламенттин өкүлдөрү кирүүдө. "Атуулдар акыйкат шайлоо үчүн" комитетин Феликс Кулов жетектейт.

3-июнь, 2005 - Кыргызстандын президенттигине талапкерликке көрсөтүлгөн 22 атуулдун ичинен 11 адам шайлоочулардын колун чогултуп, шайлоо комиссияларына тапшырды. Булардын ичинен 9 талапкер 50 миңден ашык адамдын колун чогултуп, эки талапкер кол топтоо боюнча коюлган чекке жеткен жок. Чогултулган колдун саны боюнча биринчи орунда 419 жарым миң кол чогулткан Курманбек Бакиев, андан кийин 150 миңге жакын кол топтогон Турсунбай Бакир уулу турат. Кол топтоо талабын аткарган талапкерлердин ичинен 4-июнда Токтайым Үмөталиева менен Урматбек Барыктабасов тил сынагынан өтүшөт.

2-июнь, 2005 - Шайлоо кодексине ылайык президенттикке талапкерлердин атуулдардын колун топтоо мөөнөтү аяктады. Кыргызстандын Баш мыйзамынын 44 беренесине ылайык 50 миң шайлоочунун колун топтогон атуул гана президенттик шайлоого талапкер катары каттала алат. БШКнын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бул күнгө чейин баш аягы он тогуз адам президенттик шайлоого катышуу максатында БШКга арыз менен кайрылышкан. Алардын ичинен эки атуул, тагыраак айтканда, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жана КДК партиясынын башчысы Жыпар Жекшеев атуулдардын керектүү сандагы колун топтоп бүтүштү.

27-28- январь, 2005 - КМШнын аткаруу комитетинин башчысы Владимир Рушайлоо Бишкекке келип, шериктеш мамлекеттер парламенттик шайлоого өз байкоочуларын жиберерин билдирди.

26- январь, 2005 - Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-январда өткөн митингге катышканы үчүн мурдагы билим берүү министри Ишенгүль Болжуровага 1000 сом акчалай айып салды.

24- январь, 2005 - Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-январда өткөн митингге катышканы үчүн Кыргызстан элдик кыймылынын лидерлеринин бири, мурдагы билим берүү министри Ишенгүль Болжуровага, “Атажурт” кыймылынын лидери Роза Отунбаевага жана “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевге байланышкан ишти карай баштады.

21- январь, 2005 - Кыргызстандын статистикалык комитети өлкөнүн калкы 5 миллион 120 700 адам болгонун маалымдады.

20- январь, 2005 - Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын элчилерин парламенттик шайлоого катыштырууга жол ачкан «Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамды кабыл алды.

20- январь, 2005 - Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын элчилерин парламенттик шайлоого катыштырууга жол ачкан «Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамды кабыл алды.

Президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаева №1 Университет шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп катталды.

19- январь, 2005 - Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка жалпысынан 448 талапкер өз атынан, 72 талапкер партиялардын атынан арыз беришкен. Алардын ичинен 183 талапкер каттоодон өткөндүгү такталды. Катталгандардын ичинде президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев, премьер-министр Николай Танаевдин баласы Алексей Танаев, Президенттик администрациянын башчысы Тойчубек Касымовдун уулу Нурдин Касымов, экс-спикер жана элчи Медеткан Шеримкуловдун уулу Кунай Шеримкуловдун аттары көзгө урунат.

Ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук бөлүмү Кыргызстан элдик кыймылынын төрага орун басары Ишенгүл Болжурова менен саясий кеңештин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге административдик иш козгоп, аны сотко өткөрдү. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурдин Жангараевдин айтымында, иш козгоого милициянын 17 кызматкеринин Бишкекте өткөн нааразылык акциясына байланыштуу 19-январда берген арызы себеп болгон. Арызда алар жөө жүрүш учурунда кыймылдын катышуучулары жол эрежелерин бузган, милиция кызматкерлерине баш ийген эмес жана Спорт сарайындагы ишке жолтоо болгон деген доомат коюшкан. Булардын ичинен 2 жаранга административдик чара көрүлүп жатышын саясатчылар Ишенгүл Болжурова менен Топчубек Тургуналиев саясий куугунтуктун башталышы катары баалашты.

18- январь, 2005 - Президенттин чоң уулу Айдар Акаев №57 Кемин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болуп катталды. Мындай маалымат аталган округдук комиссиядан алынды. 29 жаштагы Айдар Акаев декабрда Улуттук олимпиадалык комитеттин президенттигине шайланган. Ушул эле №57 Кемин шайлоо округу боюнча оппозициянын өкүлү Жыпар Жекшеев ат салышууга арыз берген.

Жогорку Сот экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаеванын арызын карап, Ленин райондук сотунун 12-январдагы чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот анда Кыргызстандын аймагында акыркы беш жыл ичинде турбаган Роза Отунбаеваны депутаттыкка талапкер деп катталбаганы туура деген чечим чыгарган. Экс-тышкы иштер министри эми Конституциялык сотко арыз жолдоорун билдирди.

АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков «эгер кимдир-бирөө премьер-министр шайлоого байланыштуу жашыруун жыйын өткөргөнүн жана ага менин катышканымды далилдеп берсе, мен кызматтан кетем»,-деп билдирди. Болот Жанузаков ал маалыматты ким жазгандыгын билээрин, бирок аны айтуу өз беделинен төмөн тураарын айтты.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясын Бишкекте ачты. Курамына 12 эларалык кызматкер кирген миссияны Словакиянын элчиси Любомир Копай жетектейт. Анын маалымдоосуна караганда, бюро 27-февралдагы добуш берүүгө байкоо жүргүзүү үчүн 170 байкоочуну чакырды.

17- январь, 2005 - 17-январда ички иштер министрлигинде парламенттик шайлоого даярдыктар боюнча семинар кеңешме өттү. Ага президенттик администрациянын башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев катышты. Кеңешмеде парламенттик шайлоо алдында жана шайлоо учурунда өлкөдө коопсуздукту сактоо негизги маселе катары талкууланды. Жанузаков өз сөзүндө тартип коргоо кызматкерлерин туруктуулукка доо кетирген бардык аракеттерге бөгөт коюуга чакырды.

14- январь, 2005 - Жогорку сот Сокулук райондук сотунун экс-элчи Медеткан Шеримкулов талапкер болуп каттала албайт деп чыгарган чечимин күчүндө калтырды. М.Шеримкулов №64 Шопоков шайлоо округу боюнча аны депутаттыкка талапкер кылып каттабай койгон округдук комиссияны райондук сотко берген. Аны сот 8-январда карап, округдук комиссия Шайлоо кодексининин 69-беренесине ылайык акыркы беш жылда Кыргызстандын аймагында жашабаган Шеримкуловду каттабагандыгы туура деген чечим чыгарган. Эми Шеримкулов өзүнүн конституциялык укугун коргоо үчүн Конституциялык сотко арыз жолдоорун «Азаттыкка» ушул эле күнү билдирди. Дагы бир экс-элчи Мамбетжунус Абылов 14-январда Каракөл шаардык сотко №22 Каракөл-Ташкөмүр округдук комиссиясына каршы арыз берди.

12- январь, 2005 - Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Атажурт» кыймылынын теңтөрайымы Роза Отунбаеванын арызын канааттандырган жок. Соттун чечиминде айтылгандай, Кыргызстандын башмыйзамына, шайлоо кодексине жана эларалык нормаларга ылайык Роза Отунбаева парламентке талапкерлигин койо албайт. Соттун мындай чечимине нааразылыгын билдирген Роза Отунбаева Жогорку сотко кайрылаарын билдирди.

Кыргыз улуттук университетинин имаратында студенттер менен «Агахан» фондунун Кыргызстандагы долбоорунун координатору Бермет Акаеванын жолугушуусу өттү. Университеттин жаштар комитетинин жетекчиси Данияр Иманалиев Бермет Акаеванын парламенттик шайлоого катышып беришин өтүнүп, 4950 студент кол койгон тизмени тапшырды. 300дөн ашуун студент катышкан жыйында алардын айрымдары сөз сүйлөп, Бермет Акаева парламентке депутат болууга татыктуу деген пикирлерин билдиришти. Ал эми Бермет Акаева студенттердин мындай сунушу ал үчүн күтүүсүз болгондугун белгилеп, парламенттик шайлоого катышуу боюнча жообун эки күндөн кийин билдире тургандыгын маалымдады.

11- январь, 2005 - Кыргызстан элдик кыймылы, «Атажурт», «Жаңы багыт» коомдук-саясий кыймылдары, Кыргызстан элдик конгресси жана «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук коом бирикмеси түзгөн Саясий күчтөрдүн форуму 11-январда билдирүү менен чыкты. Анда Роза Отунбаеванын бийликтин кысымы астында талапкер катары катталбай калганы белгиленип, аны колдоо максатында нааразылык акциясына чыккан атуулдарга ыраазычылык билдирилген.

Маалымат жыйынында премьер-министр Николай Танаев «парламенттик шайлоо мыйзамдуу өткөн күндө да маарага жетпей калган талапкерлер элди көчөгө алып чыгып, өлкөдө башаламандык түзүүгө аракет кылышат, бирок өкмөт кырдаалды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салат», - деп билдирди. Танаевдин айтымында, экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева өзүнүн парламенттик шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин жакшы билген.

8- январь, 2005 - “Атажурт”, Кыргызстан патриоттук кыймылдарынын жүздөй өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышты. Алар “Атажурт” кыймылынын тең төрайымы, экс-министр Роза Отунбаеванын укугун коргоп, аны депутатыкка талапкер кылып каттоону бийликтен талап кылышты. Пикетчилер сары түстөгү кездемеден моюн орогуч жана сары түстөгү гүл түспөлдүү төш белги тагынып, “Дипломаттар шайлоодон четтетилбесин”,”Роза Отунбаевага талапкер болуп катталууга мүмкүндүк берилсин”, “Саясий куугунтук башталдыбы?”-деп жазылган плакаттарды колдоруна кармап турушту. Жаандан башпаанек кылганга аскердик эки талаа чатыры тигилген эле. Түштөн кийин милиция кызматкерлери күчкө салып. ал чатырларды сыйрып кетишти

Токмок шаарында мамлекет башчы Аскар Акаев Чүй облусунун жыйынына катышты. Президент мамлекеттик кызматкерлерди шайлоодо ар кандай провокацияга жол бербөөгө үндөдү. Анын айтымында, өткөн жылдын соңундагы Украинадагы президенттик шайлоодон кийин Украина чыгыш -батышка бөлүнүп, аз жерден ич ара согуш чыгып кете жаздаган. “Ал эми премьер-министрликке дайындалганы жаткан Юлия Тимощенко айым эларалык издөөдө жүргөн коррупцонер», - деди президент А.Акаев. Ал эми Грузияда “баркыт” революциясынын аркасында бийликке келген Михаил Саакашвили “Соростон маяна алып иштейт”.

7- январь, 2005 - Бишкекте бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү чукул жыйын өткөрүшүп, Роза Отунбаеванын укугун коргоо боюнча комитет түзүштү.

6- январь, 2005 - Бишкектеги №1 Университет шайлоо округунун комиссиясы экс-министр Роза Отунбаеваны депутаттыкка талапкер катары каттаган чечим кабыл алды. Бирок түнкү саат он бирлерде шайлоо комиссиясы шашылыш жыйын өткөрүп, мындай чечимин жокко чыгарган.

 
[news]
Шайлоо барагы
Алгы сөз
Кыргыз Республикасы
Саясатчылар
Саясий топтор
Депутаттыкка талапкерлер
Президенттикке талапкерлер
Президенттик шайлоо
Башмыйзам
Шайлоо мыйзамдары
Байкоочулар
Окуялар жадыбалы
Борбордук шайлоо комиссиясы


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]