[www.azattyk.kg]
[image][image] [image][image]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
 
[e-mail to a friend]
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КООМДУК-САЯСИЙ КЫЙМЫЛ, БЛОК ЖАНА ПАРТИЯЛАР
“Кыргызстан элдик кыймылы”

2004-жылдын 22-сентябрында 9 саясий партия “Кыргызстан элдик кыймылын” түзгөн. Кыймылдын курамына «Асаба» (А. Бекназаров), “Кыргызстан демократиялык кыймылы” (Ж. Жекшеев), “Жаңы Кыргызстан” (Д. Hyp уулу), “Кайран эл” (Дооронбек Садырбаев), Кыргызстан коммунисттери партиясы(Н. Байло), Кыргызстан коммунисттик партиясы (К. Ажыбекова), Республикалык партия (Г. Токомбаев), “Эркин Кыргызстан” (ЭрК) (Б. Асанов) жана “Эркиндик” партиясы (Т. Тургуналиев) кирген.

“Кыргызстан элдик кыймылынын” төрагалыгына мурдагы премьер- министр, депутат Курманбек Бакиев, орун басарлыгына Ишенгүл Болжурова, Азимбек Бекназаров, Николай Байло, ал эми аткаруу комитеттинин төрагалыгына Үсөн Сыдыков шайланган.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын жетекчиси Досбол Нур уулунун айтымында кыймылдын негизги максаты – Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө жол бербөө жана парламенттик шайлоого бир блок болуп чыгуу. “Дагы бир чоң максат – президенттик шайлоого бирдиктүү бир талапкер менен баруу”, -дейт Нур уулу Досбол.
http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/09/A89E671E-0165-4458-9EB0-A705E0C84C78.asp

“Кыргызстан элдик кыймылынын” билдирүүсүндө уюм 2005-жылы бийликтин Конституцияга ылайык тынч жол менен алмашуусун көздөөрүн, кыймылдын урааны “Эл бийликке эмес, бийлик элге кызмат кылыш керектиги айтылган.” (Билдирүү менен таанышыңыз:http://www.unitedcoalition.org/article.php?story=20050124013811394

“Алга, Кыргызстан!” партиясы

2003-жылы “Жаңы заман”, “Манас эл”, “Жаңы кылым” жана Кооператорлор партияларынын биригүүсүнөн түзүлгөн. http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2003/09/0EDA70B1-4CA9-4EA1-A95A-45340527773E.asp
Ошол эле жылы декабрь айында экс-премьер-министр Амангелди Муралиев (азыр ал Экономиканы өнүктүрүү жана тышкы соода, өнөр жай министри) башында турган «Биримдик» партиясы “Алга, Кыргызстан” партиясына кошулган. http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2003/12/69CBF42C-5DE5-4742-B4EE-D5907A1509E0.asp

Анын себептерин «Биримдик» партиясынын лидерлеринин бири, саясат таануучу Алыбек Акунов “ушундай кадамга барып жаткан себебибиз - «Алга, Кыргызстан» партиясы менен максат, стратегиябыз бирдей болуп чыкты. Алар да, биз да эл үчүн, өлкө үчүн иштейбиз” деп түшүндүрдү.

Парламенттик шайлоого “Алга, Кыргызстан!” партиясынын атынан 26 талапкер атсалышууда. (Төмөнкү макаланы окусаңыз болот: “«АЛГА, КЫРГЫЗСТАН» ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДАДЫ”. “АЗАТТЫК” (10-январь 2005-жыл): http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/9CBFBFA9-8641-424D-A4A5-34C0F23449AE.asp

№1 Университет шайлоо округунан чыгып жаткан Бермет Акаева “Аргументы и факты в Кыргызстане" гезитине (2005-жыл 9-февраль) берген интервьюсунда партияны түзүүчүлөрдүн бири экендигин айтты. http://www.centrasia.org/newsA.php4?st=1108016880

Ушул тапта партиянын катарында 6 миңдей адам бар. “Алга, Кыргызстан!” партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрү: Нурматов Рустам Мирзаевич, Бегалиев Болотбек Касымбекович, Ажыбекова Гүлсара Ажыбековна, Макарова Татьяна Михайловна, Диль Валерий Исидорович, Жээнбеков Равшан Бабырбекович, Мамасаидов Мухамаджан Ташалиевич, Санатбаев Раатбек Калыбекович, Сатаев Өмүрбек Дүйшөбекович, Шадиев Аскарбек Алимбаевич, Абдылдаев Нурдин Туратбекович.

Партиянын дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 217, тел.: 65-07-76, 65-09-31:, факс: 65-14-01 e-mail: alga_kyrgyzstan@intranet.kg, сайт:www.alga-kyrgyzstan.kg

“Атажурт” коомдук саясий кыймылы

2004-жылдын декабрында Кыргызстанда «Атажурт» аттуу саясий кыймыл түзүлдү. Анын башкы максаты - парламенттик, президенттик шайлоолорду адилет өткөрүп, парламентте көпчүлүк добушка ээ болуу. Бул тууралуу кыймылдын жетекчилери 13-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришкен. Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева мындай кыймылды түзүү себебин «Кыргызстанда демократия 1997-жылдан тартып эле тебелене баштагандыгы жана учурдагы аткаруу бийлигине элдин ишеними кеткендиги менен байланыштуу” деп түшүндүрдү. (“Экс-министр Роза Отунбаева: өлкөдө демократия 1997-жылдан тартып эле тебелене баштаган”, “Азаттык”, 2004-жылдын 13-декабры. http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/12/C47E2287-39C4-4183-907B-3A384A618F38.asp , http://www.unitedcoalition.org/article.php?story=20050201190348791

“Жаңы багыт” коомдук саясий кыймылы

2004-жылы 4-ноябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында “Жаңы багыт” аттуу кооомдук-саясий кыймыл түзүлгөнү жарыяланган. Кыймылдын курамына өлкөдөгү бир катар белгилүү саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик мурдагы кызматкерлер кирген. “Жаңы багыттын” башкы максаты тууралуу уюмдун лидери Муратбек Иманалиев: “биринчиден, Кыргызстанды жаңыртуу, элди бириктирүү. Экинчиден, Кыргызстан үчүн жаңы багыт керек. Азыр эл саясий конъюктурага, жаңы багытка муктаж болуп турат. Бизге жаңы жол керек”, - деп түшүндүрдү.

Кыймылдын саясий платформасында өлкөдө кадр саясатын тестирлөө системасы аркылуу жүргүзүү, бир палаталуу парламентти пропорционалдык-мажоритардык системанын негизинде шайлоо, облус, райондорду жоюп, алардын ордуна аймактарды түзүү, сотторду шайлоо аркылуу дайындоо, коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүү, улуттук баалуулуктарды калыптандыруу, армия менен тартип коргоо органдарын бекемдөө жана башка иш-чаралар каралган.

“Жаңы багыт” кыймылы тараткан билдирүүдө (http://www.unitedcoalition.org/article.php?story=20050201184959884 ) болсо өлкөдө калктын турмушу жылдан жылга начарлап, чиновниктердин бизнес-коррупциясы өнүгүп, эл мыйзамдуулукка болгон ишенимин жоготкондугу белгиленген. http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/11/b71ac1f0-c56b-4ce0-bf07-304129145bcb.asp

“Адилет шайлоо үчүн” атуулдук биримдик

2004-жылдын 19-майда «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдиги түзүлдү. Анын курамында президент Аскар Акаевдин жакын адамдарынын бири катары эсептелип келген Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун болушу саясатчылардын, журналисттердин кызыгуусун жараткан. Бир апта өтпөй президент Аскар Акаев Ашыркуловду кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/05/F045EC69-A49C-48DE-906A-9C2C6269BAEE.asp

Мисир Ашыркуловдон тышкары биримдикти «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, ”Социал демократиялык партиянын” жетекчиси Алмаз Атамбаев, ”Эл” партиясынын башчысы Мелис Эшимканов, «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев жана Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Адахан Мадумаров, Марат Султанов негиздеген.

“Адилет шайлоо үчүн” биримдигинин координациялык кеңешинин төрагасы болуп Мисир Ашыркулов, ал эми анын орун басарлары болуп Адахан Мадумаров менен Марат Султанов шайланган.http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/05/2BF84EB5-96CF-4114-8C0A-15504629AB85.asp

“Кыргызстан элдик конгресси”

2003-жылы “Арнамыс”, “Эл партиясы”, “Атамекен” жана Социал-демократтар партияларынын лидерлери “Кыргызстан элдик конгрессин” түзүүнү макулдашышкан. Төрагасы “Арнамыс” партиясынын камакта жаткан лидери Феликс Кулов (“Азатыкка”берген интервьюлары: http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/850F0390-42EB-46DC-9146-80FAFF10FAED.ASP, http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/22A8C44F-FEF3-4816-ACAE-1913F08C7CBD.ASP Феликс Куловдун орун басары Социал-демократтардын төрагасы Алмаз Атамбаев. (“Бийлик туталанып атат”, “Азаттык”, Ишемби, 25-декабрь 2004http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/12/755AFB05-D76B-4497-9668-58A44E707D08.asp

САЯСИЙ КҮЧТӨРДҮН ФОРУМУ

2004-жылдын 29-декабрында оппозициялык маанайдагы беш бирикменин – “Кыргызстан элдик кыймылы” (К.Бакиев), “Атажурт” (Р.Отунбаева), “Жаңы багыт” (М.Иманалиев), Кыргызстан элдик конгресси (А.Атамбаев), “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук бирикмесинин (М.Ашыркулов) лидерлери парламенттик шайлоону адилет өткөрүү максатында өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.http://www.unitedcoalition.org/article.php?story=20050116203648257

Келишимге ылайык аталган оппозициялык бирикмелер парламенттик шайлоонун таза, калыс өтүшүнө биргелешип көзөмөл жүргүзүшүп, оппозициячыл саясий бирикмелерден көрсөтүлгөн талапкерлерге биргелешип колдоо көрсөтүшөт. Керектүү мезгилде биргелешкен саясий акция өткөрүп, билдирүү жасашат.

“Кыргызстан элдик кыймылынын” лидери Курманбек Бакиевдин айтымында башкы максат - парламенттик шайлоодо мыйзам бузууга жол бербөө. Эгерде ошондой фактылар боло турган болсо ага каршы бирге туруу.

Ал эми “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук бирикмесинин башчысы Мисир Ашыркулов “биригүү - элдин башкы талабы болуп жатат. Элге чыкканда алар “бириккиле, “бөлүнгөндү бөрү жейт”” деген сунуштарын айтып жатышат. Карапайым эл өзү оппозициячыл күчтөрдүн биригишин талап кылууда” деди. http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2004/12/C40547DA-5E0D-45D0-844A-55AB8903C02B.asp

"Арнамыс" партиясы

15-январда Бишкекте оппозициялык “Арнамыс” партиясынын төртүнчү курултайы болду. Жетимиш делегат катышкан жыйында Жогорку Кеңештин депутаттыгына партия атынан сегиз талапкер көрсөтүлдү. Алардын ичинде партиянын жетекчисинин орун басары Эмил Алиев Бишкектеги №1 Университет шайлоо округунан талапкер катары көрсөтүлдү.http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/7F0677A7-6DA0-41D3-BF40-07898C91366A.asp

Партия 1999-жылы 19-августта каттоодон өткөн. Партиянын төрагасы Кулов Феликс Шаршенбаевич. Ал төрт жылдан бери абакта жатат.http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/850F0390-42EB-46DC-9146-80FAFF10FAED.asp, http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/22A8C44F-FEF3-4816-ACAE-1913F08C7CBD.asp

Партиянын мүчөлөрүнүн саны 11 000 адам. Дареги жана телефону: Бишкек шаары, тел. 21-48-25. сайт www.ar-namys.org email: info@ar-namys.org

“Эркиндик” партиясы

Партиянын лидери Топчубек Тургуналиев 1941-жылы 5-июлда Жалалабаттын Аксы районундагы Тегирменсай айылында туулган. 1965-жылы Москва мамлекеттик маданият институтун бүтүргөн. 1975-жылы философия илимдеринин кандидаты. 1990-жылы антикоммунисттик саясий ачкачылыктын катышуучуларынын жана Кыргызстан демократиялык кыймылын түзүүчүлөрдүн бири. 1991-жылы “Эркин Кыргызстан” саясий партиясын түзгөн. Акыркы жылдарда “Эркиндик” партиясын түзүп, жетектеп келатат.

Элет” партиясы

Лидери – Ош облусунун мурдагы губернатору Накен Касиев. Ал №32 Атбашы шайлоо округунан депутаттыкка атсалышып жатат. Күчтүү атаандашы – Нарын облусунун мурдагы губернатору Аскар Салымбеков.

“Элмурас” партиясы 2003-январда түзүлгөн.

Лидери – Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокон Боромбаева. Ал №37 Мырзаке шайлоо округунан талапкер болуп катталды. 12 атаандашы бар.

Демократиялык өнүгүү партиясы

2004-жылы түзүлгөн. Лидери – Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов. Шайлоого каттала алган жок.

“Менин өлкөм” партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 19.11.98
Партиянын төрагасы - Оторбаев Жоомарт Кайыпович
Мүчөлөрүнүн саны – 3 000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Тыныстанов көч. 110, тел. 22-75-81, mstrana@hotmail.com, сайт:www.strana.kg

Кыргызстан демократиялык аялдар партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 14.10.94.
Партиянын төрагасы - Шайлиева Токон Асановна .
Мүчөлөрүнүн саны – 15 000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Абдымомунов көч. 207, тел. 27-16-81, 27-71-72.

“Кыргызстандын демократиялык кыймылы” партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 16.07.93.
Партиянын лидерлери – Жыпар Жекшеев, Виктор Черноморец.
Мүчөлөрүнүн саны – 500 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Абдымомунов көч. 207, тел. 27-14-95.

"Кайран эл" партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 24.09.99.
Партиянын төрагасы – Садырбаев Дооронбек.
Мүчөлөрүнүн саны - 3000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, 8 м-рн 29-12

Кыргызстан коммунисттер партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 17. 09. 92.
Партиянын төрагасы – Николай Байло.
Мүчөлөрүнүн саны – 25 000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Чүй 114, кабинет 414 тел. 22-56-20.

"Асаба" кайра жаралуу партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 30.12.91.
Партиянын төрагасы – Бекназаров Азимбек Анаркулович
Мүчөлөрүнүн саны – 3750 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Чүй 26, тел. 43-04-45, 43-09-12. факс 28-53-64

Кыргызстандын "Адилет" республикалык партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 22.09.99.
Партиянын төрагасы – Кубанычбек Жумалиев
Мүчөлөрүнүн саны – 35 000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Бөкөнбаев көч. 109, тел. 66-48-17, 66-51-67, факс 66-50-84 .

"Ата-Мекен" партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 16.12.92 кайра каттоодон өткөн күнү: 28.12.99
Партиянын төрагасы – Текебаев Өмүрбек
Мүчөлөрүнүн саны – 2000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Эркиндик 64, тел. 27-17-79, 27-72-03.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 01.10.93.
Партиянын төрагасы – Атамбаев Алмазбек Шаршенович
Мүчөлөрүнүн саны – 4250 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Алма-Ата көч. 4 б ком. 203, тел. 43-15-07.

Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 26.11.93.
Партиянын төрагасы - Алиев Эркин.
1999-жылга карата мүчөлөрүнүн саны: 8000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Киев көчөсү 96, тел. 22-17-65, 66-28-72.

“Жаңы Кыргызстан” партиясы (мурдагы “Кыргызстандын агрардык-эмгек” партиясы)

Каттоодон өткөн күнү: 14.10.94.
Партиянын төрагасы - Сыдыков Үсөн.
Мүчөлөрүнүн саны - 12 300 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Киев көчөсү 120, тел. 21-55-08, 21-19-98, 21-89-03.

Бишкектин тургундарынын партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 14.01.98
Партиянын төрагасы - Отунбаев Болот Исакович.
Дареги жана телефону: Бишкек, Толстой көчөсү 2, кв. 23

Кыргыз Республикасынын өнөр жайчы, айыл чарба кызматкерлерин жана чамасы чакталуу үй бүлөлөрдү коргоо партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 09.10.96.
Партиянын төрагасы - Айтикеев Акбаралы.
Мүчөлөрүнүн саны - 6 700 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Тынчтык проспекти 1, тел. 22-86-30

Кыргызстандын дыйкандары (фермерлери) партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 22.09.99.
Партиянын төрагасы – Исаков Эсенгул Байдалиевич
Мүчөлөрүнүн саны – 38 000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Жумабек көч. 117

Ооганстан жана башка согуштардын катышуучуларынын саясий партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 13.09.99.
Партиянын төрагасы – Таштанбеков Акбөкөн
Мүчөлөрүнүн саны – 11 200 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Чүй 4 "А", тел. 53-02-15

"Эркин Кыргызстан" прогрессивдүү-демократиялык партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 21.02.97.
Партиянын төрагасы – Асанов Бектур
Мүчөлөрүнүн саны – 12 000 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, Абдымомунов көч. 207, тел. 22-49-57, 27-71-55

Кыргызстандын республикалык партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 18.10.99.
Партиянын төрагасы – Токомбаев Гияз Асанбекович
Мүчөлөрүнүн саны – 5 500 адам.
Дареги жана телефону: Бишкек, тел. 22-14-16

Кыргызской Республикасынын экономикалык кайра жаралуу партиясы

Каттоодон өткөн күнү: 12.12.97, кайра каттоодон өткөн күнү: 16.12.98
Партиянын төрагасы – Хон Валерий Павлович
Мүчөлөрүнүн саны –2 275 адам.
Дареги жана телефону: Военно-Антоновка айылы, тел. 29-67-22

Темага байланыштуу макалалар

(“Азаттыктын” архивинен)

ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯЛАР КОЛ ТОПТООГО КАЙРАДАН КИРИШТИ

Оппозициялык саясий партиялар 2-февралдан тарта президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү максатында кол топтоого киришти. Алар бул иш чаранын кайрадан башталышын парламентке талапкерлерди каттоо учурундагы мыйзам бузуулар менен байланыштырып жатышат.
http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/02/9157CCBC-126E-4A28-B4D1-450CD4D537A6.asp

«АЛГА, КЫРГЫЗСТАН» ДЕПУТАТТЫККА ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДАДЫ

«Алга, Кыргызстан» саясий партиясы 2003-жылдын күзүндө төрт саясий партиянын биригүүсү менен пайда болгон. Андан кийин ага 10 жылдык тажрыйбасы бар «Биримдик» партиясы кошулган. Партиянын борбордук кеңешинин төрагасы Рустам Нурматовдун айтымында, партия өткөн мезгил ичинде мүчөлөрүнүн санын 12 миңден ашырып, коомдо көз караш, багыттарды бир нукка бура алган партия экендигин көрсөттү. http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/9CBFBFA9-8641-424D-A4A5-34C0F23449AE.asp

2004-жыл: Кыргызстандагы саясий партиялар ишмердүүлүгү кандай болду?

2004-жыл - парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярдык жылы катары бааланып калды. Акыркы кезде саясий партиялардын активдешүүсүн жергиликтүү аналитиктер алдыдагы саясий мааниси чоң өнөктүктөр менен байланыштырат.
http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2005/01/8352EA0A-3A0F-412E-9848-3C780CF530BC.asp

 
[news]
Шайлоо барагы
Алгы сөз
Кыргыз Республикасы
Саясатчылар
Саясий топтор
Депутаттыкка талапкерлер
Президенттикке талапкерлер
Президенттик шайлоо
Башмыйзам
Шайлоо мыйзамдары
Байкоочулар
Окуялар жадыбалы
Борбордук шайлоо комиссиясы


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]