[www.azattyk.kg]
[image][image] [image][image]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
 
Жума, 4-март 2005 [e-mail to a friend]
Шарипов Жусупбек Шарипович
1955-жылдын 27-апрелинде Ош областындагы Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында төрөлгөн. Улуту кыргыз. 1978 жылы Киев инженердик-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 1 кыздын атасы.


Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин жети жыл бою "Ошстрой" трестинде долбоорлоо-сметалык тобунун инженери, ушул эле тресттин Жалал-Абад курулуш монтаждоо башкармасынын мастери, башкы прорабы, участка жетекчиси болуп эмгектенген.

1985-жылы Кыргызстан коммунисттик партиясынын Кара-Суу райондук комитетинин инструктору кызматына дайындалган. 1986-жылы Эл депутаттарынын Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин аткаруу комитетинин орун басары, андан кийин биринчи орун басарлыгынын кызматын аркалаган. 1989-жылы Саратов шаарындагы жогорку партиялык мектебине жиберилген.

1990-жылы Эл депуттарынын Ош шаардык Кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басарлыгына чакырылган. 1992-1994 - жылдары Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, 1994-1995 - жылдары Ош облустук газ чарба башкармалыгынын жетекчиси, 1995-1997 жылдары Ош шаардык мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштеген.

1997-1999 - жылдары Кыргыз Республикасынын Президентик Администрациясынын мамлекеттик кызмат жана уюштуруу иштер бөлүмүнүн инспектору, андан кийин бөлүм башчысынын орун басары болуп эмгектенген. 1999-жылдын январь айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, ошол эле жылдын сентябрь айында Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын башчысы кызматына дайындалган.

2000-жылдын декабрь айынан Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болуп дайындалган. Аксы окуяларына байланыштуу, 2002-жылдан 2005-жылга чейин Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору кызматында эмгектенген.

23-июнда Жусупбек Шарипов президенттикке талапкерликтен баш тартты. Ал бул тууралуу кайрылуу таратып, анда Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун биригишинен кийин өлкөдө саясий кырдаал өзгөргөндүгүнө байланыштуу Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоо чечимине келгендигин жарыя кылды.
 
[news]
Шайлоо барагы
Алгы сөз
Кыргыз Республикасы
Саясатчылар
Саясий топтор
Депутаттыкка талапкерлер
Президенттикке талапкерлер
Президенттик шайлоо
Башмыйзам
Шайлоо мыйзамдары
Байкоочулар
Окуялар жадыбалы
Борбордук шайлоо комиссиясы


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]