[www.azattyk.kg]
[image][image] [image][image]
[image] Жаңылыктар [image] Окуялар жана Фактылар [image] Басма сөз [image] Аудио [image] Архив [image] Байланыш
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык жаңылыктар
Саясат
Адам укуктары
Сөз эркиндиги
Экономика
Коопсуздук жана коргонуу
Коом жана турмуш
Маданият
Илим жана билим берүү
Дин
Спорт жана туризм
Кыргыз басма сөз
Эл аралык басма сөз
Обого түз чыгуу
Мурдагы берүүлөр
Кыска толкундар
Жергиликтүү толкундар
Сателлит
[image]
 
Жума, 4-март 2005 [e-mail to a friend]
Жекшеев Жыпар Жекшеевич
1947-жылы 26-майда Ысыккөл областына караштуу Түп районундагы Талдысуу айылында төрөлгөн. 1971-жылы Фрунзедеги сүрөт окуу жайын, 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик көркөм-өнөр институтун, 1999-жылы Улуттук университетинин юриспруденция боюнча магистратурасын бүтүргөн.

Үй-бүлөлүү, алты баланын атасы.


1980-жылдардын башында Жыпар Жекшеев Бишкектеги маданият министрлигинин алдындагы сүрөтчүлөрдүн адистигин жогорулатуу курстарында сабак берип жүрүп, 1989-жылы Кыргызстандын баш калаасында үйсүз кыргыз жаштары өкмөттөн жер бөлүштүрүп берүүнү талап кылып, бош жаткан жерлерди басып ала баштаганда, ал козголоңду "Ашар" кыймылына айландырып, социалдык кризисти сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү аракетинин башында турган. "Ашар" кыймылынын лидери катары Жекшеев эл арасына таанылып, миңдеген жаштар Бишкектин айланасында үй салып, жер алуусун уюштурган комитеттин жетекчиси болгон. Ошол 1990-жылдардын башында Кыргызстан демократиялык кыймылын түзүп, коммунисттик бийликтин кулап, Аскар Акаевдин бийликке келишине шарт түзгөн өзгөрүүлөрдүн түздөн-түз катышуучусу.

1995-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынына өзү туулуп-өскөн Ысыккөлдөгү Түп округунан шайланган.

Учурда "Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясынын төрагасы.

 
[news]
Шайлоо барагы
Алгы сөз
Кыргыз Республикасы
Саясатчылар
Саясий топтор
Депутаттыкка талапкерлер
Президенттикке талапкерлер
Президенттик шайлоо
Башмыйзам
Шайлоо мыйзамдары
Байкоочулар
Окуялар жадыбалы
Борбордук шайлоо комиссиясы


[image] Radio Free Europe/Radio Liberty
@ 2009 RFE/RL, Inc.
All Rights Reserved.
contact us: webmaster@rferl.org

[image] [image]
[image]