|
|
Душебаев Кеңешбек Асанбекович
|
|
1957-жылы Чүй облусунда туулган. Караганды Жогорку милиция мектебин, Москвадан СССР ИИМинин академиясын укуктук тартип чөйрөсүндө башкарууну уюштуруу адистиги боюнча аяктаган.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
1974-жылдан тарта ИИМде кызмат кылып, Ыссыккөл облусунун ички иштер башкармасында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, Түп жана Ысыккөл райондорунда РИИБинин жетекчиси болуп иштеген.
1997-2000-жылдары КР ИИМинин Башкы штабын жетектеген. 2000-2001-жылдарда КР Улуттук коопсуздук министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы болгон.
2001-2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, 2003-2005-жылдары Бишкек шаардык Ички иштер башкармасынын башчысы кызматтарын аркалаган.
2005-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине дайындалган.
Ушул эле жылдан тарта "Акыйкат" партиясын уюштуруп, аны жетектөөдө.
|
|
|