|
|
Бакиев Курманбек Салиевич
|
|
1949-жылы 1-августта Ош облусунун Сузак районундагы Масадан айылында туулган. Улуту кыргыз. 1972-жылы Куйбышев политехникалык институтунун "инженер-электрик" адистиги боюнча бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү, эки уулу бар.
1974-76-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1976-жылдан баштап Куйбышев шаарындагы Масленников атындагы заводдо электромеханик, инженер-электронщик болуп иштеген. 1976-жылдан баштап Жалалабат шаарындагы штепсель разъемдору заводунда улук инженер, цех начальниги, башкы инженердин орунбасары болгон.
1985-жылдан баштап Көк-Жаңгак шаарындагы "Профиль" заводунун директору, 1990-91-жылдары Кыргызстан компартиясынын Көк-Жаңгак шаардык комитетинин биринчи секретары, эл депутаттарынын шаардык кеңешинин төрагасы, андан кийин эл депутаттарынын Жалалабат областтык кеңешинин төрагасынын орунбасары, 1992-жылдан баштап Тогузторо мамлекеттик райадминистрациясынын башчысы, 1994-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орунбасары, 1995-жылдан баштап Жалалабат облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, 1997-жылдан баштап Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген.
2000-жылдын 21-декабрынан 2002-жылдын 22-майына чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри. 2002-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык Кеңешинин мүчөсү болуп кирген.
2002-жылдын 20-октябрында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп шайланган. 2003-жылдын февралында "Кыргызстан аймактары" центристтик депутаттар тобунун курамына кирген.
2004-жылы Кыргызстан элдик кыймылын түзгөн. 2005-жылдын 10-мартынан тартып "Эл биримдиги координациялык Кеңешинин" төрагасы.
2005-жылдын 24-мартында Жогорку Кеңештин сессиясында Премьер-министрдин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу болуп шайланды.
|
|
|