|
|
Айтикеев Акбаралы Ысырайылович
|
|
1958-жылы Жалалабат облусуна караштуу Ташкөмүр шаарында туулган. 1981-жылы Киев политехникалык институтун аяктаган.
1981-1993-жылдары алгач Фрунзе политехникалык институтунда илимий кызматкер, Ош областтык комсомол комитетинде сектор башчы, андан соң кайра эле Фрунзе политехникалык институтунда, Кыргыз Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген.
1993-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти.
1995-жылы Жалалабат облустук Кеңешинин депутаттыгына шайланган. Ушул эле жылы АКШнын Кливленд шаарындагы Эл аралык институттан бизнести башкаруу жана өнүктүрүү боюнча билим алган.
1996-жылы Кыргыз Республикасынын өнөр жай, айыл чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын төрагалыгына шайланган жана азыр да бул партиянын төрагасы
1997-жылдан азыркы кезге чейин КМШ, Балтия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн Эл аралык өнөр жайчылар жана ишкер адамдар Конгрессинин вице-президенти.
1999-жылы КР өкмөтүнүн өнөр жай жана курулуш департаментинин башчылыгына дайындалган. 2000-2003-жылдары КР вице-премьер-министринин кеңешчиси, КР ЖК мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын кеңешчиси кызматтарын аркалаган.
|
|
|