Кечээ президент Курманбек Бакиевдин катышуусу менен болгон өкмөт жыйыны министрликтер менен мекемелердин өткөн алты ай ичинде жүргүзгөн ишин канааттандырарлык эмес деп тапты. Ага өкмөттүн келечекти баамдай билген саясат жүргүзүп, баа менен инфляциянын өсүшүн ооздуктай албай, алдыда алкымдап турган экономикалык кыйынчылыктардан кантип чыгаар жолду алиге аныктай албай жатканы башкы себеп болду. толугу менен
Ушул апта башында босниялык сербдердин согуш учурундагы жолбашчысы, он үч жыл бою качып жүргөн Радован Каражич камалган учурда Белградда ашынган улутчулдардын бир нече жүзү гана нааразылык билдирип чыгышты. Бир кездеги эң улутчул саясатчынын камалышына карата мындай үстүрт мамиле Сербияда улутчулдук басаңдай баштаганынын белгисиби?. Мына ушул маселенин айланасында "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын Белграддагы бюросунун кабарчысы, кесиптешибиз Бранка Тривич ой бөлүшөт. толугу менен